“Стриптиз бийчиси Аллахтан кечирим сурасын” деп чыгышты динчилдер

“Стриптиз бийчиси Аллахтан кечирим сурасын” деп чыгышты динчилдер

Ал стриптиз бийчиси эмес, татар ырчысы Резеда Ганиуллина.  “Жаным” аттуу ыры менен мечит алдында ачык кийими менен чыгыш бийин бийлеп тартылган клиби сентябрдын аягында интернетке илинген. Соцтүйүндөргө тарагандан кийин, динчилдер ызы-чуу салып, интернеттен алынышын талап кылышкан. Ырчы кечирим сурагандан кийин басылып калгандай болгон. Кайра бул маселени көтөрүп чыгышты. Себеби, ал клип интернетте дагы эле илинип турат.

“Мечит – көңүл ачуучу жай эмес»

Бул клипти Татарстандын муфтийи Камил хазрат Самигуллин да катуу сынга алып, «Мечит — көңүл ачуучу жай эмес» деген. Ал эми Казандагы Закабан мечитинин имамы Сейджагфар Лутфуллин клип интернеттен алуунусун талап кылган. “Стриптиз бийчиси Аллахтан кечирим сурасын” деп чыгышты динчилдер.

“Чыгыш бийи стриптиз эмес, ал искусство”

Ал эми ырчы болсо: “Жаным” аттуу ырымдын клибин жакшы да, жаман да кабыл алгандар болду. Чыгыш бийи стриптиз эмес, ал искусство. Искусствону туура түшүнүү керек. Мен деле динди сыйлайм, күн сайын таңды “быссымылла” деп келме менен тосом. Клип кимдир бирөөгө катуу тийген болсо, кечирим сурайм” деп кечирим сураса да, кылмыш ишин козгоону талап кылышкан динчилдер.

Ак мечитте 800 кг Куран китеби сакталган 

Ырчы бийлеген Болгар шаарындагы Ак мечит 2012-жылы курулган. Ал жерде дүйнөдөгү эң чоң Куран китеби (800 кг) сакталып турат. Шаар аймагы ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирген.

Видео

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.