УЯТ: Казак өкмөтү Сапар Исаковдун калпын чыгарды

УЯТ: Казак өкмөтү Сапар Исаковдун калпын чыгарды

Казакстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы расмий билдирүү жасады. Анда мындай деп айтылат:

2017-жылдын 11-октябрында КРнын премьер-министри Facebook баракчасына Казакстан Республикасынын президенти менен кыргыз-казак чегарасындагы кырдаал боюнча сүйлөшкөнүн жазган, ушундан улам бир катар ММКлардын кайрылуусуна байланыштуу Казакстан Республикасынын премьер-министринин басма сөз кызматы расмий билдирет.

Биринчиден, Сочиде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында Казакстан президенти менен Кыргызстандын премьер-министри менен сүйлөшүү болгон эмес. Болгону Сапар Исаков мырза биздин мамлекет башчысына өзү басып келип (ал баракчасына койгон сүрөттө бар) кеткен.

Экинчиден, Казакстан президенти чегарада түзүлгөн кырдаал боюнча маселени чечүү боюнча өкмөткө тапшырма бергени чындыкка жатпайт.

Чындыгында, бул маселе боюнча өкмөт аралык консультация өткөрүүнү тапшырган”  деп келип, бул пландык текшерүүлөр бүтүндөй Казакстандын чегарасында жүрүп жаткандыгы айтылып, аягында: “Казакстан Республикасынын премьер-министринин басма сөз кызматы расмий түрдө жалган маалымат таратылганына таңгалып жаткандыгын жана бардык ММКларга объективдүү маалымат берүүгө даяр экендигин билдирет” деп бүтүргөн.

Ошондо кандай болуп калат? Жаш премьердин “Калп айттым, калп айттым, калпагымды жалпайттым” дегениби? Калп айткан сайын Буратинонун мурду өсө берчү эле, эми Сапардын мурдун карап калабызбы?

Айбалта ЧЫНОЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.