Исаковдун Кайсар жөнүндө айткан сөзүнө Бабанов жооп берди

Исаковдун Кайсар жөнүндө айткан сөзүнө Бабанов жооп берди

Бүгүн премьер-министр Ысык-Көлгө иш сапары менен барып, элдин алдында:  “Кайсар Абылкасымов 25 млн доллар менен кармалганы боюнча мага Орусиянын Ички иштер министрлигинин телеграммасы келди. Бул президенттикке талапкердин жакын оң колу. Балким бул Кыргызстанга келе турган акча болчу. Ал шайлоого жумшалмак” деп айткан видеосу менен жарыяланган. Алгач аны “АкиПресс” маалыматтык агенттиги чыгарган. Бирок, бат эле бул маалымат сайттан алынып салынган.

Сапар Исаковдун мындай маалымат таратканына президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов бүгүнкү (НТС телеканалындагы) түз байланышта мындай деп жооп берди:

—Бүгүн Өкмөт башчысы Сапар Исаков Көлгө барып, элдин алдында жалган маалымат таратты. Ал кагазды көтөрүп туруп: “мага Орусиянын ИИМинен кагаз келди. Кайсар Абылкасымов 25 млн доллар менен кармалыптыр. Ал акчаны шайлоого жумшамак экен. Ал кимдин досу экенин билесиңер”,- деди. Кайсар менен менин мамилем бар. Ал бул боюнча Кайсар интервью берди. Ал азыр Казакстанда үй-бүлөсү менен жашайт. Мени өкүндүргөнү – ошол Сапар Исаков Өкмөт башчысы болуп туруп, жалган жалаа таратып жатат. Аны мен биринчи кадам жасап жаткандан кийин, ага тоскоол болбоюн деген ниетте парламентте аны сын- пикерге алган эмесмин. Көрсө, Сапар Исаков оңолбоптур. Ал киши 7-апрелде 86 бала Акүйдүн алдында каза болгондо, Максим Бакиевди Америкага алып барган. Менде үч суроо бар. Өкмөттүн кишиси болуп туруп, талапкерди жамандап, кызматта турганга моралдык укугу барбы? Бул бир. Экинчиден, УКМК жалган жалаа тараткан кагаз боюнча эмнеге ал кишиге иш козгобойт? Үчүнчүдөн,бизде “мамлекеттик кызматкерлер үгүт ишин жүргүзбөйт” деген мыйзам бар. Мыйзамды бузган киши кызматтан кетиши керек. Бул жерде “карга карганын көзүн чукубайт” болуп жатат. Элибиз буга баа берет деп ойлойм”.

Андан тышкары, Бабанов “эмнеге бийлик сизге каршы болуп жатат?” деген суроого, “алар Жээнбековду колдоп жатат, мени эл колдоп жатат”,-деди. “Дебатта Жээнбеков “мен ишти сенден баштайм”,- деди. Сиз буга кандай дейсиз?” деген суроого, “эми дебатта баары эле көрдү, кимдин деңгээли кандай экенин” деп залдагы элди күлдүрдү.

Түз байланыштын аягында үй-бүлөсү менен тааныштырды. Жубайы эки кызы, бир баласы менен чыкты. “19 жашта кызым бар, ал чет өлкөдө окуйт. Менин үй-бүлөмдү азыр эле көрөсүңөр, экинчи көрбөйсүңөр. Эч нерсеге аралашпайт. Айла жок алып чыктым, анткени, ар кандай ушак таратып, үй-бүлөмдү тааныштырууга түртүштү”,-деди Ө.Бабанов.

Эрзат МЫРЗА

One thought on “Исаковдун Кайсар жөнүндө айткан сөзүнө Бабанов жооп берди

Добавить комментарий для БыктыгульОтменить ответ

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.