Кичинекей бөбөк 3-кабаттан кулап…

Кичинекей бөбөк 3-кабаттан кулап…

12-октябрда кечки саат 17.30да Алматынын “Март” соода борборунун 3-кабатынан бир жаштагы наристе кулап кеткен. Көрсө, энеси бир колуна баланы алып, экинчи колу менен экинчи баласы жаткан колясканы кармап, эскалатор менен 4-кабатка көтөрүлүп баратканда, колундагы баласы туйлап жиберип, ылдый кулап кеткен. Канжалап жерде жатканын көпчүлүк көргөн. Алардын айтымында, бала канга боелсо да, көзүн ачып, ыйлап жиберип, кайра эсин жоготкон. Бала ооруканага жеткирилген, башынан жараат алып, жоон саны сынган. Медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бирок абалы оор.

Мындай окуя жыл башында Өзбекстандын Андижан шаарында болгон. Аял соода борборунан эскалатор менен көтөрүлүп баратып, тепкичке мүдүрүлүп кетип, колундагы баланы үчүнчү кабаттан түшүрүп алып, бала дароо жан берген эле.

Видео

Кызгалдак ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.