Жамал Сейдакматова Лондондо алтын статуэтка менен сыйланды 

Жамал Сейдакматова Лондондо алтын статуэтка менен сыйланды 

Лондондо театралдык фестивал болуп, бүгүн соңуна чыкты. Ал фестивалга Кыргызстандан КРнын Эл жазуучусу, драматург Султан Раевдин «Илегилек» спектакли катышып, көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, «Алтын жоогазын» сыйлыгына татыды. Аталган чыгарма Лондон театр сүйүүчүлөрү арасында чоң таасир калтырып, кыргыз актерлорунун аткаруусуна, чыгармачыл топтун чеберчилигине өтө жогору баасын беришти.

“Илегилектин” сценографы Бакыт Тилекматов, музыканты Эркин Майрамбеков, арт-директору Замир Ногойбаев жана албетте ага режиссерлук кылган Султан Раев. Башкы ролдорду Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова, жаш таланттар Таазим Үмөталиева, Имаш Ажыкул жана башкалар аткарган. Фестивалдын жыйынтыгында, Жамал Сейдакматова «Дүйнөлүк театрдын кошкон салымы үчүн» сыйлыгы боюнча алтын статуэтка менен сыйланды. 

“Сыйлык сиздердики, сыймык биздики”, алган сыйлыгыңыздар менен “Алакан” сайтынын эмгек жамааты куттуктайт!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.