Беш жыл барымтадагы үй-бүлө бошотулду

Беш жыл барымтадагы үй-бүлө бошотулду

Пакистан армиясы талиптердин колунда 5 жыл барымтада болгон үй-бүлөнү (Кейтлан Коулманды менен Жошуа Бойлду) бошотушту.

Бошотулган жубайлар 2012-жылы октябрда Хаккани террордук тобу тарабынан барымтага алынган. Кохат шаарынын жанындагы өлкөлөргө саякатка барышкан. Алардын айтымында, бараткан машинасын кимдир бирөөлөр аткылашкан. Ал кезде Коулман кош бойлуу болуп, балдары Ооганстанда төрөлгөн. Хаккани тобу колго түшкөн үй-бүлө менен Ооганстанда кармалган командирлеринин бирине алмашууну көздөшкөн.

Азырынча үй-бүлө Исламабадга жеткирилип, АКШнын элчилигинде кармалууда. Маалыматка караганда, Жошуа Бойл америкалыктар менен анын ооганстандык союздаштары туткундагы талиптерди кыйноого алып жаткандыгын айтып, АКШнын аскер учагы менен Ооганстандагы Баграм базасына баруудан баш тартууда.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.