CNN: Орусия Pokemon Go оюну аркылуу АКШнын саясатына кийлигишүүгө аракет кылган

CNN: Орусия Pokemon Go оюну аркылуу АКШнын саясатына кийлигишүүгө аракет кылган

Орусия Pokemon Go оюнунун жардамы менен АКШнын саясатына кийлигишүүгө аракет кылганы тууралуу CNN телеканалынын иликтөөсүндө айтылат. Анда кеп Фейсбук, Инстаграм, Твиттер социалдык түйүндөрүндөгү, YouTube видеохостингиндеги жана Pokemon Go оюнундагы «Donʼt Shoot Us» («Бизди көздөй атпагыла») деп аталган өнөктүк тууралуу болгон.

 Телеканалдын маалыматына караганда, уюштуруучулар бул платформалар аркылуу АКШ полициясы афроамерикалыктарга карата зомбулук көрсөтүп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды таркатышкан. Pokemon Go оюнунда болсо колдонуучуларга покемондорду полициянын зомбулугуна кабылган адамдардын аты менен атоо тапшырмасы берилип турган. Маалымдалгандай, өнөктүктү «троллдор фабрикасы» деген аталыш менен дагы белгилүү болгон Орусиянын Интернет-иликтөөлөр агенттиги жүргүзгөн. ММКлардын маалыматы боюнча уюмду орус президентине жакын ишкер Евгений Пригожин каржылайт. Иликтөөнүн авторлору билдиришкендей, уюштуруучулар афроамерикалыктарды массалык нааразылыктарга чыгарууга көкүтүшкөн.

Орусия бийлиги өнөктүктү уюштурууга тиешеси бардыгы тууралуу маалыматты четке кагууда. Өлкө ТИМинин өкүлү Мария Захарова иликтөөнү «пайдасыз иликтөө» деп атады. Баш кеңсеси Санкт-Петербургда жайгашкан Интернет-иликтөөлөр агенттиги тууралуу 2013-жылы белгилүү болгон. Анда «Новая газета» уюмдун ишмердүүлүгү тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө агенттиктин кызматкерлери Кремлдин саясаты массалык колдоого алынып жаткандай элес калтыруу үчүн социалдык түйүндөрдө билдирүүлөрдү жазып турушары айтылган.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.