Эртең жаан жаайт, кол чатыр унутпаңыз!

Эртең жаан жаайт, кол чатыр унутпаңыз!

Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Алардын билдирүүсүндө, 15-16-октябрда, айрым жерлерде жамгыр жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

17-октябрда, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

18-октябрда, түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-20-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.