Ымыркайды сатып жаткан жеринен жубайлар кармалды

Ымыркайды сатып жаткан жеринен жубайлар кармалды

Орусиянын Воронеж облусундагы полиция жаңы төрөлгөн баласын 30 миң рублга сатууга аракет жасаган жубайларды кармашкан. Сурак учурунда, алар Өзбекстанга билет алуу үчүн ушундай кадамга барышканын айтып беришкен.

Баласын сатууга белсенген жубайлар Өзбекстан өлкөсүнүн жараны. Жаңы төрөлгөн балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан эмес. Наристени сатууну пландап, наркын 30 миң рублга баалап, кардарларды тааныштары аркылуу издей башташкан. Ымыркайды сатып ала турган адам полиция бөлүмүнүн оперативдүү кызматкери болуп чыккан. Ал наристенин ата-энесине сураган суммасын берип, тил кат жаздырып алган. Кармалгандан кийин, суракта Орусияда каттоо мөөнөттөрү бүткөндүгүнөн улам мекенине кетип жатканын айтышкан. Баланын документи жок болгондуктан, аны сатып, акчасына билет алууну көздөшкөнүн кошумчалашкан. Бул факт боюнча аларга кылмыш иши козголду. Жаңы төрөлгөн бала учурда ооруканада.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.