70-жылкы Бабанов 70-мектептен добуш берди

70-жылкы Бабанов 70-мектептен добуш берди

Учурда президенттик шайлоого 11 талапкер ат салышууда. Талапкерлердин бири Өмүрбек Бабанов үй-бүлөсү менен Бишкектеги №70 мектеп гимназияда жайгашкан №1216 шайлоо участогунда добуш берди.

Андан соң, журналисттерге кыска маалымат берди. “Мен чоң үмүт жана ыраазылык менен элим туура тандоо жүргүзөт деп ишенем. Бүгүнкү күн өлкөнүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылат деп ойлойм. Мен өзгөрүүлөр үчүн добуш бердим”,-деди.

Журналисттер жөн турбайт да, “Жеңишке жетем деп ойлосузбу?” деген суроо узатылды. Ага ал: “Жеңишке жетишээриме ишенип турам. Инаугурация тынч өтөрүнө жана өзгөрүүлөр болооруна да ишенем”,-деди талапкер.

Добуш берүүгө 3 млн 25 миң 768 жаран укуктуу

Өлкөбүздө саат 8:00дө 2375 шайлоо участоктору ачылып, иштеп жатат. Атайын маалыматтарга таянсак, шайлоодо добуш берүүгө 3 млн 25 миң 768 жаран укуктуу. Анын 2 млн 908 миң 453ү Кыргызстанда болсо, 18 миң 580и чет жерде.

БШКнын маалыматына караганда, 58 өлкөдөн жана 56 эл аралык уюмдан баш-аягы 771 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөн. 11 өлкөнүн ММКлары шайлоого көз салууда. Ошондой эле жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын, жарандык коомчулуктун, саясий партиялардын байкоочулары, президенттикке талапкерлердин ишенимдүү адамдары, журналисттер байкоо жүргүзүүдө.

Добуш берүү кечки саат 20:00де токтотулуп, добушканалар жабылат.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.