Алмазбек АТАМБАЕВ: “Буга чейин Бабанчикти мен жаап-жашырып келгем”

Алмазбек АТАМБАЕВ: “Буга чейин Бабанчикти мен жаап-жашырып келгем”

Бишкектеги №5 кесиптик-техникалык окуу жайда жайгашкан №1209 шайлоо участогуна добуш бергенден кийин, журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ажо Өмүрбек Бабановду жамандады. Атүгүл, талапкерди “Бабанчик” деп да атап өттү. Анда эмесе, ажонун бүгүнкү “балп” деген сөзүн чогуу угалы!

“Бабанов ушул жылы дээрлик ар бир жумада, эки жума сайын үйүмө барып турчу. Биздин үй-бүлө жазында, жайында Бабановдун шаар четиндеги чарбасынан кулпунай, бүлдүркөн жеп келишчү. Анан эле 1,5 ай мурда мени “аби” деген (түркчө «ага» – авт.) Бабанов мени жамандап чыкты. “Сиздин жолуңузду мен гана улантам” деген Бабанов “биз башка жол менен баратабыз” деп билдирип чыкты. Мага Бабановду колдоо үчүн анын атынан чет өлкөлүк олигарх келип, 20 млн доллар сунуштаган. Мен сатылбай турган нерселер бар экенин айттым.

Мен ишенчээкмин, бирок, убагында көзүм ачылды. Жакында эле каза болгон Жумакадыров (7-октябрда, жол кырсыгынан каза болгон Темир Жумакадыров жөнүндө сөз болууда. Ал тирүү болгондо сурайт элек да, “ушинтип айтканыңыз чын беле?” деп. – авт.) ал жөнүндө мага эскерткен. Мен өзүмдү жана өлкөнү тебелетүүгө жол бербейм. Мени көп учурда алдап кетишет. Ар бир сөзүм үчүн жооп берүүгө даярмын. Буга чейин “Бабанчикти” жаап-жашырып келгем”,-деди. 

Кыскасы, “эми аны аябайм” дегендей ишараат кылды ажо. Буга чейин «отургузуп келгенбиз, отургуза беребиз» деген. Бир кезде Ө.Текебаев айткан эле: «Атамбаев ачуу чындыкты көтөрө албайт. Анын кемчилигин бетине айтып, башын көтөргөн саясатчыларды четинен отургуза берет» деп. Көрөгөч экен Өмүрбек Чиркешович.

Ажонун мындай сөзүнө Өмүрбек Бабановдун штабы комментарий бере элек.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.