Атамбаев кимди, каякка отургузганы жатат?

Атамбаев кимди, каякка отургузганы жатат?

Ажо Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева менен Бишкектеги №5 кесиптик-техникалык окуу жайда жайгашкан шайлоо участогуна келип добуш берди.

Андан соң, журналисттердин алдына чыгып сүйлөдү. Баштаганда эле УКМК кармаган Шайымбетов тууралуу айтты: “Шайымбетов мурдагы депутат, ал эми ага курал алып берүүчү бир өлкөнүн мурдагы коопсуздук кызматкери. Мурунку кызматкер деген болбойт. Бул адам ар кандай оттуу жерлерде жүргөн. Биз отургузуп келгенбиз, отургуза беребиз. (кимди отургузганы жатканы белгисиз. Бирок, кимди айтып жатканы да белгилүү. Себеби, “мураскери” “мен президент болуп келсем, сенден баштайм” деп дебатта айтты эле. Буга чейин эле ажо “наш кандидат” деп келген. Зилалиев болсо, “Атамбаевдин жолун улай турган киши – ал Жээнбеков” деп айтып келген. Бул сөздөрү үчүн алар БШК тарабынан жоопко тартылган эмес – авт.)

Ар ким каалаганын жасаган учур артта калды. Бирок 1-декабрга чейин менде убакыт жетет. Шайлоо деген майрам. Мен үчүн майрам, анткени мен ушунча жылдан бери канча нервимди жана мээнетимди короттум. Мен мурда убада бергендей, биз айрымдарын азырынча унчукпай турабыз. УКМК жасап жаткан иштерди «жасалма» дегендер чоң жаңылышат”,-деди Алмазбек Атамбаев.

УКМК кармаган Шайымбетов

Ажо айткан Шайымбетов бүгүн “Башаламандык уюштуруп, административдик имараттарды басып алууну пландаган” деген шек менен кармалганын УКМК кабарлаган. Алардын маалыматына караганда, кармалган экс-депутаттын фамилиясы Шайымбетов, бирок, кайсы чакырылыштагы депутат болгону белгисиз. Учурда Шайымбетов баштаган топко карата кылмыш иш козголуп, УКМКга жеткирилип, тергөө жүрүүдө.

КТР миссиясын жакшы аткарууда…

УКМКнын маалыматын КТР кайра-кайра көрсөтүүдө. Ал жерде баягы эле Бабановдун аты аталып жүрөт. Мыйзам боюнча бүгүн кайсы бир талапкердин атын атап, каралоого жол жок болчу. Бирок, КТР билгенин кылып, элге жаман көрсөтүү далалатын жүргүзүүдө.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.