Атамбаевдин айткандарына Бабанов жооп кайтарды

Атамбаевдин айткандарына Бабанов жооп кайтарды

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Алмазбек Атамбаевдин айткандарына жооп кайтарды. Атамбаевдей болуп аша чаап кеткен жок, маданияттуу гана жооп берди. Бирок, бүгүнкү сөздөрүнө капа болуп калганын да жашырган жок.

«Мен анын бүгүнкү сөзүнө өтө капа болуп жатам. Мага анын сөздөрү тууралуу канча жолу келип айтышты. Мен ал жөнүндө бир да жолу жаман айткан эмесмин. Мен эч качан эч кимди алдап кеткен эмесмин. Атамбаев премьер-министрликтен кеткен учурда, мен анын партиясына кошулуп, шайлоо штабын жетектегем. КСДП партиясын күчтөнтүп, каржылагам.

Ал эми президенттикке аттанардын алдында мен президент менен кеңешкем. Жеке өзүнүн батасын алгам. Ал “Ооба, президенттикке катыш. Биз өз талапкерибизди көрсөтөбүз, сен да катыш. Ким утса ошол утат», — деген. Ага күбөлөр бар. Ал шайлоо таза өтөт деп кепилдик берген. Бирок, тилекке каршы, бирдей шарт болгон жок, таза шайлоо болгон жок. Коомчулукту Алмазбек Атамбаев бурмалап жатат. УКМК дагы ага кошулуп жатат”,-деди Өмүрбек Бабанов.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев Бабанов жөнүндө мындай деп айткан. 

“Бабанов ушул жылы дээрлик ар бир жумада, эки жума сайын үйүмө барып турчу. Биздин үй-бүлө жазында, жайында Бабановдун шаар четиндеги чарбасынан кулпунай, бүлдүркөн жеп келишчү. Анан эле 1,5 ай мурда мени “аби” деген (түркчө «ага» – авт.) Бабанов мени жамандап чыкты. “Сиздин жолуңузду мен гана улантам” деген Бабанов “биз башка жол менен баратабыз” деп билдирип чыкты. Мага Бабановду колдоо үчүн анын атынан чет өлкөлүк олигарх Бабановдун атынан келип, 20 млн доллар сунуштаган. Мен ага сатылбай турган нерселер бар экенин айттым.

Мен ишенчээкмин, бирок, убагында көзүм ачылды. Жакында эле каза болгон Жумакадыров ал жөнүндө мага эскерткен. Бабанов Айдарчиктин, Максимчиктин жанында жүргөн. Аларды кидайтетип кеткен.

Мен өзүмдү жана өлкөнү тебелетүүгө жол бербейм. Мени көп учурда алдап кетишет. Ар бир сөзүм үчүн жооп берүүгө даярмын. Буга чейин “Бабанчикти” жаап-жашырып келгем”.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.