Дастан Лепшаков – биринчи орунда!

Дастан Лепшаков – биринчи орунда!

9-14-октябрь күндөрү Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында салтка айланган И.Саввиди сыйлыгына арналган бильярд (москва пирамидасы) боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Тогуз өлкөдөн 200 спортчу катышты. Кыргызстандан барган 10 оюнчунун арасынан Дастан Лепшаков катары менен жети жеңишке жетишти: орусиялыктар Павел Бобровду 5:2, Никита Ливаданы 5:2, Павел Мехововду 5:3, белорустук Евгенийди Салтовскийди 5:1 эсебинде утуп алды.

Ал эми жарым финалда өзбекстандык оюнчу Нодирбек Мирзаевди 5:2 эсебинде, финалда дагы бир өзбекстандык Александр Сидоровду 6:2 эсебинде утуп, турнирди жеңип алды. Белгилей кетсек, Дастан Лепшавков бул турнирди 2016-жылы да утуп алган. Оюнду видеодон караңыз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.