Сариевге добуш берген баланы сабап кетсе, Бабановго добуш берген эненин кагазын айрып салышкан

Сариевге добуш берген баланы сабап кетсе, Бабановго добуш берген эненин кагазын айрып салышкан

Президенттикке талапкер Темир Сариевге добуш берген баланы сабап кетишкенин Т.Сариевдин штабынан Назира Ахмедова билдирди. Анын айтымында, Кара-Суу районунун Шарк айылдык аймагында, шайлоочу шайлоо участогунан чыгып баратканда аны кармап, алысыраак алып барып сабашкан. Сабалган баланын акыбалы оор эле, ал ооруканадан баш тартып, үйүндө дарыланууда. Жабырлануучунун айтымында, анын добуш берген бюллютенин комиссиянын мүчөсү көрүп калып, ал чымыр денелүү балдарга айткан. Бул факты боюнча Т.Сариевдин штабы укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышты.

Бабановдун шайлоочусунун кагазын айрып салышкан

Добуш бергендерди кордоп жаткан ошол эле Кара-Кулжада да катталган. Жабырлануучу эне НТС телеканалынын журналисттерине калчылдап, айрылып калган шайлоо бюллетенин колуна кармап алып, мындай деп айтып берди: “Айланайындар, биз өтө коркунучта, Афганистандагыдай жашап жатабыз. Коркутуу-үркүтүү болуп жатат. Милициялар ар бир үйдү кыдырышууда, “кимди шайлаганы жатасың?” деп. Ушу кантип болсун, каалаган кишиңе добуш бере албасаң?! Биз кайсы заманда жашап жатабыз? Кара-Кулжада ачык эле “кимге добуш берип жатасың?” деп кагазыңды текшеришүүдө. Мен добуш берип чыгып баратканда, кагазымды ачып көрсөтүүнү талап кылышты. Көрсөтпөй койсом, колумдан алып тытып салышты. Айрылган кагазымды алып алдым. Ачык эле келген кишилерди “Сооронго (Сооронбай Жээнбеков) салгыла” деп жатышат. Айланайындар, таза шайлоо болбой жатат”.

Мына, Атамбаевдин айткан “таза шайлоосу”. Элди сабап, коркутуп-үркүтүп, зордоп, акча таратуу боюнча фактылар бийлик тараптан болуп жатпайбы… КТР болсо “баары жакшы, укмуш, тынч” деп эле баягы Бакиевдин убагындай иш жүргүзүүдө…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.