Жээнбеков алдыда келатат. Ишенесиңерби?

Жээнбеков алдыда келатат. Ишенесиңерби?

БШКнын (20:22де) берген маалыматына таянсак, болжол менен азырынча алдыда президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков келатат. Ага 740 178 адам добуш берген. Ал эми Өмүрбек Бабановду 464 461 добуш колдогон. Пайыз боюнча абал төмөндөгүчө:

  1. Сооронбай Жээнбеков 54,34%
  2. Өмүрбек Бабанов 34,26%
  3. Адахан Мадумаров 6,6 %
  4. Темир Сариев 2,52 %
  5. Талатбек Масадыков 0,56%
  6. Улукбек Кочкоров 0,51%
  7. Азимбек Бекназаров 0,16%
  8. Арстанбек Абдылдаев 0,12%
  9. Арсланбек Малиев 0,09%
  10. Эрнис Зарлыков 0,08 %
  11. Токтайым Үмөталиева 0,07%

Өмүрбек Бабановду Таласта 85,76 % жана Чүйдө 51,27 % колдоп, ушул эки облуста гана алдыда келатат. Ал эми Бишкек, Ош жана калган облустарда С.Жээнбеков элүү пайыздан ашык алдыда келатат.

Саат 22.00до дагы маалымат беребиз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.