Актер Дмитрий Марьянов каза болду

Актер Дмитрий Марьянов каза болду

Театрдын жана кинонун мыкты актеру, бала кезинен киного түшүп жүргөн Дмитрий Марьянов болгону 48 жашта эле. Ал 1969-жылдын 1-декабрында Москва шаарында жарык дүйнөгө келген. 1986-жылы “Выше радуги”, 1988-жылы “Дорогая Елена Сергеевна” деген тасмаларга тартылып, дароо эл оозуна алынган. 1992-жылы Б.Щукин атындагы театралдык училищаны аяктаган. Андан кийин дароо “Ленком” театрына алынып, 2003-жылга чейин иштеген. “Боец” деген сериалга тартылгандан кийин жаш өспүрүм балдар менен аялзаттын сүймөнчүлүгүнө айланган. 70 ашык кинотасмаларга тартылган. Негизги тартылган кинолору: «Русский регтайм», «Графиня де Монсоро», «Президент и его внучка», «Бременские музыканты & Co», «Львиная доля», «День радио», «Бальзаковский возраст, или Все мужики сво…», «Черный город». Рен ТВда “Очевидец. Самое шокирующее”, ТВ-6да “Катастрофы недели” телеберүүлөрүн алып барган. 2007-2009-жылдары “Ледниковый период” шоусунда фигуристка Ирана Лобачева менен бийлеген.

Дмитрий кечээ, 15-октябрда дачадан достору менен келатып, өзүн жаман сезе баштайт. Күндүз “буттарым менен далым талыкшып жатат” деген экен. Машиненин ичинен эсин жоготуп, машиненин көптүгүнөн, тыгындарга кабыл болушуп, ооруканага кеч жеткирилген. Кечки саат 19.30да врачтар анын көз жумганын кабарлашкан. Диагнозу: тромбу жарылган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.