Үч ай мурун жоголгон котормочунун сөөгү табылды

Үч ай мурун жоголгон котормочунун сөөгү табылды

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтуусунда, окуя 4-июлда башталган. Болжол менен саат 14:30да Чаткал районунун Жаңы-Базар айылынын Чандалаш участкасында жайгашкан ЖЧК “Консляр Арум” кен казуу фирмасында котормочу болуп иштеген адам жоголгон. Ал Бишкек шаарынын тургуну дунган улутундагы 01.02.1981-жылы туулган Ю.Я.А. болуп чыккан. Үч күн издешип, токтотулган. Бир айдан кийин кайра издөө иши улантылган. Издөөнүн негизинде, 12-октябрда, Каркүч жана Ток-Камыш участкаларынын ортосундагы суунун жээгинен адамдын сөөгүн табылып, жоголгон адам көк түстөгү джинсы шымы менен аккандыгы тастыкталган. 15-октябрда, саат 22:30да Ю.Я.А. сөөгүн алып келишип, жакындарына өткөрүп беришкен. Туугандары ӨКМнин куткаруу кызматкерлерине бир тууганынын сөөгүн таап бергенине ыраазычылыгын билдирип,  маркумдун сөөгү мусулманча коюларын айткан.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.