ИИМ: Эл аралык террористтик уюм изделүүдө

ИИМ: Эл аралык террористтик уюм изделүүдө

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын билдирүүсүндө, Россия Федерациясынын Абдуолимов Шакиржон Толкунбаевич аттуу жаран изделүүдө.

Ал 1974-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Ноокат районунун Иски-Ноокат айылында туулган, орто билимдүү, убактылуу иштебейт. Саха Республикасынын (Якутия) Удачный шаарында Россия Федерациясынын жараны катары катталган.

Абдуолимов Ш.Т. өзгөчө коркунучтуу. Сирияга эл аралык террористтик уюмдун “ИМ” катарына кошуу үчүн жарандарды радикалдуу агымдарга кирүүгө активдүү үгүттөп, жөнөтүү менен алектенип жүргөн.

Белгилери: бою 170 см, чымыр денелүү, физикалык даярдыгы жакшы (бокс жана оор атлетика менен машыккан), ак жуумал, жайык маңдай, кыска кара чачтуу, сакалы бар (сакалын кырып салышы мүмкүн).

Ш.Т. Абдуолимовду кайда экендиги тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлери аркылуу кабарлап коюңуздарды суранабыз.

0-312- 29-10-27, 0-3222-5-64-29 (Ош ШИИБи),
0-3222-4-63-53, 03230-5-21-02 (Ноокат РИИБи),
0-3222-5-59-10, 5-52-44, 0-312-29-10-12 (Ош ОИИБи)
0-3657-5-04-20 (Кызыл-Кыя РИИБи),
0-3622- 5-01-24, 0312-29-00-70 (Баткен ОИИБи),
0-3722-5-28-31(Жалал-Абад ШИИБи),
0-3722-5-13-46, 7-05-30 Жалал-Абад ОИИБи, андан сырткары, 102 жана 0-312-66-23-31 (КР ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө) кайрылып, кабарласаңыздар болот. Жашыруундулукка кепилдик берилет.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.