«Көк Жарда» жаш баланы өлтүрүп кетишкен

«Көк Жарда» жаш баланы өлтүрүп кетишкен

Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Алардын айтымында, 15-октябрда (шайлоо болгон күнү), “Көк Жар” кичирайонундагы үйлөрдүн жанынан эртең менен эрте жашоочулар бычак сайылган жаш баланы табышкан. Тилекке каршы, аны куткарууга кеч болуп калган.

Каза болгон баланын аты-жөнү такталган, 1997-жылы туулган С уулу Б болгон. Ал 2016-жылдан бери шаардагы кафенин биринде официант болуп иштеп келген. 14-октябрда жумуштан болжол менен түнкү саат бирде чыккан. Жумушундагы кесиптештери Б.А, А.К, Б.Блар менен жолуккан. Алар менен интернет-клубга барып, таңкы саат 6.30га чейин отурган. Таңга маал өз ара чатакташа кетишкен. Анан клубдагы белгисиз балдар менен мушташышкан. Алардын бирөөсү С.уулу Бны сыртка сүйрөп чыгып, жүрөккө бычак сайган, ал ошол жерден эле жан берген. Андан соң Б.Бнын ийнине бычак сайган, ал катуу жарадар абалда ооруканага  жеткирилген.

Октябрь районундагы ИИБ кызматкерлери дароо эле шектүү балдарды таап, кармашкан. Алар Ысык-Көл облусунун жарандары болуп чыккан. Бирөө1997-жылы туулган О.Б, экинчиси — 1995-жылы туулган Т.А. аттуу бала. Азыр алар убактылуу кармоочу жайда камакта. Аларга кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүүдө.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.