САРИЕВ: «Экинчи турда Жээнбековдо шанс жок болчу»

САРИЕВ: «Экинчи турда Жээнбековдо шанс жок болчу»

“Үгүт кампаниясында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго карата кара пиар өз таасирин бере алды”. Бул тууралуу саясат таануучу Марс Сариев K-News маалымат агенттигине билдирди. Анын пикиринде негизинен электрондук добуш реалдуу абалды көрсөттү.

“Акыркы жарым айда Бабановго каршы президент тарабынан катуу чабуул болуп, ал өз таасирин бере алды. Мен өз божомолумдарымда салттуу коомчулук жер-жерлерде теле менен ММКлардын жардамы менен калыптанат деп айткам. Бийликтин маалыматтык басымы өз жыйынтыгын берди. Күтүлгөндөй эле Бабановду Чүй менен Талас облустары колдоп берди, а Жээнбеков, тескерисинче, түштүктөн алып олтурат, регионалдык фактор ойноп кетти”, — деди ал.

Эгерде экинчи тур болгондо, С.Жээнбеков ута алмак эмес. Ал биринчи турда гана утушу керек болчу. “Азыр эми абал бир аз тынчыбайт, шайлоо жүрүшү териштирилет, кээ бир учурлар талашка түшөт. Бирок жаңы революцияга же башаламандыкка алып келет деп эсептебейм, бардыгы тынч эле бүтөт”, — дейт Марс Сариев.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.