Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Катуу атаандаштык күрөш менен шайлоо таза өттү”

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Катуу атаандаштык күрөш менен шайлоо таза өттү”

Кечээ кечинде кубанычы койнуна батпай, сүйүнүп маалымат жыйынында ушинтип айткан Сооронбай Жээнбеков. Ал шайлоо таза, акыйкат өткөнүн баса белгилеп, мындай деген: “Шайлоо демократиялык принципте болду. Катуу атаандаштык күрөш менен таза өттү. Алты жылда абдан көп жетишкендик болду, тынчтык менен туруктуулук орноду. Менин негизги максатым — ошону бекемдөө. Алдыда көп реформалар бар. Ошону аяктап, өлкөнү өнүктүрүү менин милдетим. Мага чоң жоопкерчилик жүктөлдү, аны сезип турам.

“Мен президент болуп келсем, коррупцияны сенден баштайм” дедиңиз эле Бабановго, эми эмне кыласыз?” деген журналисттин суроосуна, ал: “Мен аны Бабановдун өзүнө айтам” деп жооп берген. Эмне болоорун көрө жатарбыз…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.