Таластыктар талап менен тарашты

Таластыктар талап менен тарашты

Өмүрбек Бабановдун шайлоочулары шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, бүгүн Талас шаарында эртең менен митингге чыгып, кечинде араң тарашты. Алар тынчтык митингин өткөрүп жатышканда, алардын алдына Өмүрбек Бабановдун иниси Көпжашар Бабанов менен Таластын губернатору Даир Кенекеев барып, “шайлоонун жыйынтыгы толук чыга элек. Дагы күтө туралы. Биздин деле ичибиз ачышып жатат” деп элди таркатууга аракет кылышкан. Таркабай отуруп, аларга талап коюп, эртеңкиге (17-октябрга) чейин тарашты.

Эскерте кетсек, бүгүн Өмүрбек Бабанов шайлоонун жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрүп, шайлоочуларына ыраазычылыгын билдирип, көчөгө чыкпоолорун суранган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.