Абайлагыла: көрүнгөндү өрттөгөн “жинди” чыкты!

Абайлагыла: көрүнгөндү өрттөгөн “жинди” чыкты!

Ар кайсы үйдөн ар нерсе өрттөнгөнү боюнча (Маевкада болгон окуяны) журналист Албина Метерова Фейсбуктагы баракчасына орус тилинде (кыргызчалап, кыскартып бердик) мындай деп жазып чыкты:

“Аламүдүн районундагы Маевка айылында кечки 21.00дон түнкү саат 03:00го чейин, биздин эсеп менен 10 жолу өрт чыкты. Муну укук коргоо кызматкерлери дагы ырастады. Тилекке каршы, жабыркагандардын арасында менин да үй-бүлөм бар.

Түндө саат 02:30да, бизди кошуналар ойготуп, эшиктин алдында турган биздин машина өрттөнүп жатканын айтышты. Сыртка чуркап чыксак, бензобакка жакын жагы, машинанын арты күйүп жатыптыр. Өчүрүүгө алектенип жүргөндө, бир аздан соң, квартиранттарыбыздын машинасы күйүп жатканын көрдүк. Андан чыккан өрт жалындап, күчөп, чарба курулушун каптап баратты…

Өрт өчүрүүгө чалдык, келишти. Шок абалда жүрсөк, бизден 5-6 үй ары жакта кошунанын үйү өрттөнүп жатканын кошуналар айтышты. Кошуналардын айтуусуна караганда, кермеде жайылып турган кийим-кечени чогултуп тууруп, өрттөп кетиптир. Алар узун бойлуу, кара кепкачан бала «Ак Босогону» көздөй кетип баратканын көрүшкөн. Ошол бала кеткен жактан азык-түлүк павильону күйүп кеткенин өрт өчүрүчтөрдөн уктук.

Биз бул окуя боюнча Аламүдүн районундагы райондук ички иштер бөлүмүнө билдирдик. Сак болуңуздар!”.

ИИМ эмне дейт?

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдон сурасак, ал бул боюнча тергөө иштери жүрүп, шектүү адам изделип жатканын, ал “психикалык жактан оорулуу адам” деген маалымат бар экенин айтты. Бул боюнча Чүйдүн милиция кызматкерлери иш алып барып жатканын кошумчалады.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.