Бабанов Рысалиевди фракциясына кабыл ала алабы?

Бабанов Рысалиевди фракциясына кабыл ала алабы?

Эртең, 18-октябрда, Жогорку Кеңеш (шайлоодон кийинки) өз ишин 9:30да баштайт. Жаңы эле “Республика-Ата Журт” фракциясына депутат болуп келген Зарылбек Рысалиев ант берет.

Эскерте кетсек, 4-октябрда, «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Нургазы Нышановдун ордуна мурдагы ИИМ министри Зарылбек Рысалиев депутат болуп келген. Мындай чечим Боршайкомдун жыйынында кабыл алынып, Рысалиевге депутаттык төш белги жана күбөлүк тапшырылган.

Эртең аталган фракциянын жетекчиси, депутаттары аны кандай кабыл алат болду экен? Ал президенттик шайлоодо Жээнбековду колдоп, Бабановду сындап келген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.