155 кг аял 9 жашар кыздын үстүнө олтуруп, өлтүрүп алды

155 кг аял 9 жашар кыздын үстүнө олтуруп, өлтүрүп алды

АКШнын Флорида штатынын Пенсакола шаарында 64 жаштагы Вероника Поузиге сиңдиси тентек кылган 9 жашар кызын “коркутуп кой” десе, 155 кг салмактагы таяжеси жээнин темир сызгыч менен ургулап кирет. Кыз качып барып, креслого барып жата калганда, аял барып үстүнө олтуруп алат. Араң 34 килограмм болгон кыз: “Дем алалбай жатам, туруңузчу” деп жалынса болбой, олтура берет. Бир нече мүнөттөн кийин турса, кыз жан берген болот. Врачтар келип, аба жетпей, жүрөгү кармаганын айтышкан. Поузиге карата «кокустук менен өлтүрүп алган» деген кылмыш иши козголду. Ата-энеси да күнөөлүү деп табылууда. Иш 3-ноябрда сотто каралат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.