Айгүл АСАНБАЕВА: “Садырдын башка абакка которулганына көп болду”

Айгүл АСАНБАЕВА: “Садырдын башка абакка которулганына көп болду”

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаровдун Молдовановкадагы № 1 абакка бүгүн которулганын угуп, жубайы Айгүл Асанбаевага чалдык. Мындай маалымат боюнча Айгүл айым: “Молдовановкадагы №1 абакка которулганына көп болду, эки жума болуп калды го. Эмнеге бүгүн айтылды билбейм”,-деди. Абактагы абалын сурасак, жакшы экен.

Айгүл айым кенен маекке макулдугун берди. Буйруса, жакында окуп каласыздар!

Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровду 11,6 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Соттун мындай өкүмүнө жубайы, бир туугандары, адвокаты нааразы болуп, шаардык сотко кайрылышкан. Райондук соттун өкүмүн шаардык сот күчүндө калтырган. Буга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Атасына топурак сала албай калган. Уруксат беришпей койгон.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.