Алмазбек АТАМБАЕВ: “Манас атанын сөзүн укпайм деген таластыктарга уят”

Алмазбек АТАМБАЕВ: “Манас атанын сөзүн укпайм деген таластыктарга уят”

Ажо Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-октябрда, “Эне-Сай” кабыл алуу үйүндө өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты  студенттерине президенттик стипендияларды тапшырды.  Тапшырардын алдында, баягыдай эле: бирде күлүп, бирде ачууланып, аябай ар нерсени сүйлөп алды. Андагы сүйлөгөн сөзүн эртеден бери бардык телевидениеден көрдүк, көрүүдөбүз, дагы бир жума көрөбүз. Кайра-кайра кайталап беришүүдө. Ажо бүгүнкү сөзүндө, өзгөчө Таластын тарыхын студенттерге аябай түшүндүрүп берди. Мен да тарыхты унутпай жүрөйүн деп эстеликке диктофонго жаздырып алдым. Ажобуздун сүйлөгөн сөзүн эч оңдоосуз (оңдогонго акыбыз жок) кандай сүйлөсө, ошондой бердик.

“Бүгүн мен сиздерге олуттуу темалар туурасында бир аз сүйлөшкүм келди. Анткени, сиздер акыркы президенттик шайлоодо жаштар кандай алдангандыгын көрдүңүздөр. Мен сиздер менен эгемендик, идеологиялык  көз карандысыздык туурасында ой бөлүшкүм келип турат. Тарыхты биле жүрүңүздөр. Балдарым, кыргыз тарыхы сакталып калды, ачык айтайын. Убагында Манас атабыз өлгөндөн кийин, Абыке, Көбөштөр башкарып калган кыргыздарды. Абыке Көбөштөр. Манас атабыздын өмүрлүк жары Каныкей апабыз качкан, кичинекей Семетей менен Бухарага качкан. Казыр да Абыке, Көбөштүн урпактары башын көтөрүп атат. Мен мурдагы күнү “Ютубдан” видеону көрүп алып, жаман болдум. Таластын губернатору Даир Кенекеев “Манасты” алып келип, Манас атанын сөзүн окуп берейин десе, ышкырып, бакырып окутпай койду жаш балдар. Артында, албетте, биз билебиз ким турат. Абыке, Көбөштүн урпактары элдин башын айлантты. Манас атабыздын сөзүн Таласта укпайт, уят. Таластыктар үчүн абдан уят. Менин сөзүмдү уктурбасын, Манас атанын сөзүн Таласта окуйм дегенде, эл Куран китебиндей уккандай болуш керек. Манас атабыз, өзгөчө Таласта, Таласты журт кылып,Таластын пирин чыгарып… Чингиз Айтматов айткан: “Саякбай Каралаев – азыркы кылымдын Гомери” деп. Саякбай Каралаевдин китебин, “Манас” дастанын окутпайбыз” деп ышкырып, бакырып, “Манас атанын сөзүн укпайбыз” деп ышкырып, бакырып, Абыке, Көбөштүн урпактары Таласта кылып жаткан кылыгын көрүп алып, мен абдан кайгырдым. Рахмат Даир Кенекеевге. Мен телефон чалып алып, айттым: “Эй, сен Манастын урпагы экенсиң”деп. Манастын урпактары Кыргызстанда көбөйөт. Таласта деле көбөйөт. Манастын урпактары көзүңөрдү ачкыла! Билесиңер, катуу жаракатты Чингиз хандын урпактары Коңурбай алган. Анткени, Монголияда аларды “монгол” дейт, Россия менен Кыргызстанда “калмак” дейбиз. Калмак элине эч кандай каршылыгым жок. Бирок, бул тарых. Анан азыркы чингизиддерди ээрчиген, Таласта биздин саткын адамды, жаш жигитти ээрчип, Абыке, Көбөштүн урпактарын угуп, Манас атанын Таласта укпайм дегендери бул уят. Мени укпагыла, урматтуу таластыктар, Манас атанын сөзүн окуйм дегенде Кудай өзү кечирсин. Кыргыздар үчүн пайгамбардан кийинки эле ыйык адамыбыз — Манас. Биз Манастын урпактарыбыз! Абыке, Көбөштөрдүн урпактарына жол бербейбиз! Өзгөчө Таласта. Талас башкача бир жер. Бүт Кыргызстан сыймыктанат. Мына, Ала Тоо аянтында Манас атабызга, берки тарабында Чингиз Торокулович Айтматов турат. Ошондой эле балдары кыйын болсо, ачык айтайын, биринчи жолу айтып атам. Чингиз Торокулович Айтматовдун күмбөзү бүтпөй жатканда, ошол таластын балдары бир тыйын берген жок, бир тыйын. Мен акча таап, бүтүрүп бердим, Манас, Чингиз Торокуловдун күмбөзүнө. Айтпаган нерсени айттым. Театр болобу, башка нерсе болобу, эй! Шекерлик, Кара-Бууралык Айтматовго бир тыйын бербей, таластын балдары, ошолорду ээрчигендер бул Абыке, Көбөштүн урпактары. Абыке Көбөштүн урпактары. Манас атабыз болобу, башка бабаларыбыз болобу, жүз деген, миң деген бабаларыбыз канын берген Кыргызстан эгемендүүлүгү үчүн.

Мына, 2010-жылы канча жигитибиз өлдү, анын ичинде, 9 таластык жигит аянтта өлгөн. Бабановдор жашынып жүргөндө. Уят. Тарыхты унутпайлы. Тарыхты унутпайлы!”

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.