Бүгүн Киров суу сактагычындагы суу кое берилет

Бүгүн Киров суу сактагычындагы суу кое берилет

Бул тууралуу Айыл, суу чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди. Алардын мындай маалыматы, албетте, ар бир адамды чочутпай койбойт. “Эмнеге? Эмне үчүн азыр?” дейсиң…

Аталган министрликтин билдирүүсүнө караганда, бүгүн, 18-октябрдан тарта суу сактагычы оңдолот экен. Тагыраак айтканда, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычынын плотинасын оңдоо максатта чөйчөгүн бошотуу иштери жүргүзүлүп, чөйчөктөгү суу түбүнө чейин агызылат. Суу сактагычтан суу кое берилери тууралуу Талас облусунун Манас районуна жана Казакстандын Чу-Талас аймагындагы суу инспекциясына айтылган.

Кошумчалай кетчү нерсе, Кыргызстан Киров суу сактагычындагы суунун 12 пайызын гана пайдаланат, калганын келишимдин негизинде Казакстан колдонот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.