Баңгизат менен эки адам кармалды

Баңгизат менен эки адам кармалды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымына караганда, Тар-Суу айылынын 41 жаштагы М.Н. аттуу жашоочусу баңгизат менен кармалган. Анын үйүнө Чүй ОИИББнин жана Кемин РИИБнин кызматкерлери тарабынан тинтүү иштери жүргүзүлүп, короонун ичинде катылган 2 кг 166 грамм баңгизатына окшош шектүү зат табылган. Бир бөлмөсүнөн өңү жашыл түстөгү кара куурай жыттанган, майдаланып даярдалган 714 грамм зат табылган.

Ошондой эле, Ысык-Көлдөгү Ананьево айылында 1969-жылы туулган С.К. аттуу тургуну 700 грамм марихуана менен кармалган.

Алынган баңгизаттар экспертизага жөнөтүлгөн. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.