Казакстан агызылган сууну кабыл алууга даяр экен

Казакстан агызылган сууну кабыл алууга даяр экен

Казакстан Киров суу сактагычынан агызылган сууну кабыл алууга даяр экендиги тууралуу Казакстандын ИИМ өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин төрагасы Руслан Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан суу сактагычта оңдоо иштерин жүргүзүү максатта сууну агызары боюнча маалыматтан кабардар болушкан. «Казакстандын атайын кызматтары толук даярдыкта турушат. Бүгүн сууну агызышмак, бирок азырынча тынч», — дейт Руслан Иманкулов.

Эскерте кетсек, Айыл, суу чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги кечээтен бери бүгүн Киров суу сактагычындагы суу агызыларын билдиришкен. Аталган министрликтин министри Нурбек Мурашев да бүгүн “суунун качан кое берилери азырынча белгисиз”,-деген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.