Нурбек МУРАШЕВ: “Суунун качан коё берилери азырынча белгисиз”

Нурбек МУРАШЕВ: “Суунун качан коё берилери азырынча белгисиз”

Кечээ, Айыл, суу чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги: “18-октябрдан тарта, оңдоо иштерине байланыштуу Киров суу сактагычындагы суу кое берилет” деп, элди дүрбөткөн. Бүгүн болсо башкача айтышты. Бул маанилүү маселе боюнча, эртең менен Басма сөз кызматына чалып, тактасак, “ошол боюнча иштер жүрүүдө. Кечке чейин маалымат беребиз”,- деген.

Аңгыча аталган министрликтин министри Нурбек Мурашев “Азаттыкка” мындай деп жооп бергени чыкты: “Киров суу сактагычында учурда 40 миң куб суу бар. Киров суу сактагычындагы суунун качан коё берилери азырынча белгисиз, бирок октябрь айындагы планга кирген. Сууну толугу менен агызып туруп, анан ремонт иштерин баштоо керек. Ошол боюнча азыр иштер жүрүп жатат. Ал боюнча Казакстан тарапка кабар бергенбиз. Бул ремонт иштерине гана байланыштуу, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга тиешеси жок”.

Эскерте кетсек, Киров суу сактагычындагы суунун 12 пайызын гана Кыргызстан пайдаланат, калганын Казакстан (келишимдин негизинде) колдонот. Талас дарыясындагы Киров суу сактагычы 1975-жылы курулган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.