Шумахердин бою 14 смге кыскарган

Шумахердин бою 14 смге кыскарган

2013-жылы лыжа тээп жүрүп, кырсыкка кабылган дүйнөнүн жети жолку чемпиону, гонщик Михаэль Шумахер эс-учун билбей, 4 жылдан бери Швецариянын ооруканасында жатат. Абалы өтө начар, врачтардын көзөмөлүндө. Азыр Шумахердин салмагы 45 кг, бою 1,60 сантиметр. Мурда бою 174 сантиметр, 74 кг салмакта болчу.

Үй-бүлөсү мээ боюнча мыкты адистери бар АКШнын Далластагы ооруканасына алып барууну көздөп жатат. Ошол жактан жакшы болуп кетет деген үмүттө турушат.

48 жаштагы Шумахер үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы. 18 жаштагы баласы Мик атасынын жолун жолдоп, 2016-жылдан бери “Форумула-3кө” катышып келет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.