35 окуучу тамак-аштан ууланган

35 окуучу тамак-аштан ууланган

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак,17-октябрда Талас шаарынын Бердике Баатыр көчөсүндө жайгашкан Кыргыз-түрк “Себат” балдар лицейинде 35 окуучу тамак-аштан ууланган.  Ууланган окуучулар Талас облустук биргелештирилген ооруканасына стационардык дарыланууга кайрылган. Анын ичинен он окуучу 18-октябрда үйлөрүнө чыгарылган. Калган жеңил ууланган 25 окуучунун ден соолугунун абалы Талас облустук биргелештирилген ооруканасынын кызматкерлери жана лицейдин мугалимдеринин байкоосунда.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.