Адахан МАДУМАРОВ: “Шайлоонун жыйынтыгына макул болуу – шайлоочулардын жандүйнөсүнө түкүрүү”

Адахан МАДУМАРОВ: “Шайлоонун жыйынтыгына макул болуу – шайлоочулардын жандүйнөсүнө түкүрүү”

Деп айтты президенттикке талапкер, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров журналисттердин жыйынында. Ал бүгүн ММКларга жыйын өткөрүп, президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын дагы бир жолу баса белгилеп өттү. Анан буларды айтты:

«Шайлоонун жыйынтыгы боюнча парламенттеги оппозиция пикирин айта алган жок. Шайлоо жыйынтыгы менен макул болуу — бул шайлоочулардын жандүйнөсүнө түкүрүү менен барабар. Үгүттүн жүрүшүндө, добуш берүү күнү дагы олуттуу мыйзам бузуулар болду, добуштар уурдалды. Шайлоо таза өткөн жок. Бийлик криминал менен чогуу иш алып барганын баарыбыз көрдүк. Бирок, аны БШК, прокуратура, ИИМ дагы ага карап койгон жок.

Шайлоодо уткан КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековду өзүмдүн атаандашым катары эсептебейм. Чыныгы атаандаштык “Республика” партиясынын лидери, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов экөөбүздүн гана ортобузда болду»,-деди Адахан Мадумаров.

Мындан аркы кадамы боюнча суроого: «Мен жалпы система менен күрөшүүнү мындан ары да улантам. Азыркы бийликке, системага макул эместерди биригип, күрөшүүгө чакырам! Бириксек, “Макул эмесмин” аттуу кыймыл түзүшүм мүмкүн”,-деди.

Эскерте кетсек

Боршайкомдун билдирүүсүндө, 15-октябрдагы шайлоого 1 млн 692 миң 423 шайлоочу катышып, 55,93 пайызын түзгөн. СДПК сунуштаган талапкер Сооронбай Жээнбековду — 54,74 пайыз, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду — 33,7 пайыз шайлоочу колдогон. Үчүнчү орунду ээлеген, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун алган добушу 6,55%. “Ак шумкар” партиясынын талапкери Темир Сариевдики 2,57% деп эсептелген. Калган талапкерлердин алган добушу 1% да жеткен эмес. Ушуга ишенүүгө болобу?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.