Алмазбек Атамбаевге таластык жигиттер жооп кайтарды

Алмазбек Атамбаевге таластык жигиттер жооп кайтарды

Рыскелди БОТИКОВ: «Абыке, Көбөштүн тукуму экенибизди далилдеп берсин!»

Ажо Атамбаев кечээ, студенттерге сыйлык тапшырууда сүйлөгөн сөзүндө таластыктарды бир сыйра каарып өткөн. Ошондон кийин, таластыктар дүрбөлөңгө түштү. Таластык жигит Рыскелди Ботиков “Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге ачык кат!” деген аталышта кайрылды. Анда мындай деп жазылган:
«Кыз боозуса, энесин коркутат» болуп, Казакстан менен алаканы өзүңүз бузуп алып, аягында таластыктарды күнөөлөгөнүңүзгө жол болсун! Таластыктарда ала элек өчүңүз болсо ачык айтыңыз! «Таарынсаң Таласка кел» деп элибиз айткандай, Талас эли даанышман эл, ачык сүйлөшүп чечип алалы! Айтпайын дедим эле, сөздүн атасын өлтүрбөй айтууга туура келди. 2010-жылы, 6-7-апрелде Таласта элдик революциянын оту тутанып, ошол кездеги К.Бакиевдин режиминин негизги ишенген күчү болгон, ИИМ министри М.Конгантиевдин желдеттери менен Таласта талкалагандан кийин гана, Бишкектеги эл жеңишке ишенип, революция уланган. Ошол убакта сиз УКМКнын ичинде камакта болчусуз. Таластыктар революцияны баштабаганда, сиздин тагдыр кандай болот эле? Сиз өзүңүз баамдап алгандырсыз. Андан кийин, сиз Президенттикке аттанганда Талас эли 97% колдоп бергендигин унутуп калдыңыз окшойт.
Өткөндө Нарынга барып, чоң жыйында: “нарындыктар малсыңар, таластыктар эл эмес” деп айттыңыз. Жакында Таласка келип, маданият үйүнүн ачылышында, катышуучулардын телефондорун жыйнаттырып алып, “шайлоо бүтсө, элдик референдум жарыялап, Таласты Казакстанга өткөрүп беребиз” дедиңиз. Өлкөнүн студенттери менен жолугушууда өзүңүздү жана сизди колдоочуларды “Манастын тукуму” деп атап, ал эми Талас облусунун КРнын Президенттигине талапкер Бабановду шайлаган 86% жарандарын “Абыке, Көбөштүн тукумдары – Чингизиддер” дедиңиз.

Айтыңызчы, 2011-жылы Сизди Президент кылып шайлаган убакта, 97% таластыктар Манас атанын урпактары беле? Эмнеге мындай кош стандарттуулук? Качанга чейин биз — Талас эли, сиз тараптан айтылган, биздин ыйык сыймыгыбыз катары эсептеген, байыркы тукумубуздун, ата-бабаларыбыздын улуттук аброюна шек жараткан, акаарат сөздөрүңүзгө чыдашыбыз керек? Сиз бул сөздөрдү кандай далилдерге таянып айттыңыз? Жалпы Талас элинин улуттук намысын козгой турган, мындай сөздү айтууга, сизге ким уруксат берди? Же Кыргыз Республикасынын Президентинин бүтүндөй бир региондун жалпы жарандарын улуттук ар-намысына күмөн жаратып, кемсинткенге укугу барбы? Деги, биз демократиялык өлкөдө жашап жатабызбы? Жаран катары шайлоого жана шайланууга укугубуз барбы?
Кыргызстандын жараны, Талас облусунда төрөлүп, өсүп, учурда жашап жаткан тургуну катары, Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы белгиленген укуктарымдан пайдаланып, «Айтылган сөз- атылган ок» дегендей, сөзүңүзгө жооп берип, өзүңүздү Манастын тукуму экендигиңизди, мени жана Талас элинин 86% шайлоочуларын Абыке, Көбөштүн тукуму экендигибизди далилдеп берүүңүздү сизден талап кылам!”

Эң көп акча кошкон Карганбек Самаков болуптур…

Шаирбек Маматокторов болсо, Манас атабыз менен Чыңгыз Айтматов атабыздын эстеликтерине ким канча кошкону боюнча мындай тизме жарыялады.

Тизменин башында эле экс-депутат Карганбек Самаков турат.

“Манас атанын жана Чыңгыз Айтматовдун эстеликтерине 5 000 000 сом берген Карганбек Самаков агабыз (түбү Талас, “Жетиген” уруусунан – авт.) бийик инсан! Атамбаев 1 млн, Бабанов 800 миң сом беришиптир. Андан сырткары, айтып коюшум керек. Көпчүлүгүңөр билбешиңер ыктымал. 2011-жылы, жалпы Жогорку Кеңеш Сүймөнкул Чокморовдун (түбү Талас. Агасы Намырбек ата инисине эстелик койдура албай ыйлап өттү. Бийликке канча жолу кайрылган. Бири да укпай койгон – авт.) музейин ачууда 500 миң сом берсе, Карганбек Садыкович өзүнүн атынан 1 млн бергенин өз көзүм менен көргөм. Элдик сыйга эң татыктуу адам!”

Стамбулга Манас атанын эстелигин койгон кыргызымдын жигиттери

Биздин, кыргыздын дагы бир мыкты жигити Темирлан Сарлыкбек уулу ишкер, политолог. Өзү таластык болгону менен кимге, каерге болсо да, көп нерсеге демөөрчү болуп келет. Анын бирин эле мисалга алсак, быйыл Стамбулга Манас атанын эстелигин тургузду. Ал кимге канча берип, кандай жардам болгонун сүрөткө жазып чыкты.

“Маалымат иретинде” деп буларды тизмектеген. 

1.Ачылыш аземин Айбек Сарыгалов, Каныбек Осмонов жана Стамбулдагы кыргыздардын достук коому каржылады.
2. Ачылыш концерти Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен КР Өкмөтү тарабынан каржыланды.
3. Жердин берилишинде Стамбул шаарындагы консул Ренат Түлөбердиевдин салымы чоң.
4.Кыргызстандан барган айкелчилерди Стамбулдун мурдагы мэри, Йедитепе университетинин президенти 8 ай коноктоду.
5. Айкелдин үлгүсүн Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев, проф. Абдылдажан Акматалиев, илимдин доктору Аскар Медетов, элчи Ибрагим Жунусов, манасчылар Рыспай Исаков жана Улан Исмаиловдор иштеп чыгышты.
6.Жасалгалоо долбоорун архитектор Мурат Бейшенбаев иштеп чыкты.

 Күнболот МОМОКОНОВ: “Ханды кудай ураарда өз элине кас болот”

Күнболот Момоконов таластык, журналист. “Айкын саясат” коомдук-саясий гезитинин ээси жана редактору. Ажонун сөзүнө мындай жооп кылды.

«Ханды кудай ураарда өз элине кас болот» дегендей, Президентибиз келечегибиз болгон жаш муундун алдында мындай сөздү айтканы одоно ката болду. Албетте, саясат саясаты менен. Таластыктар ичинен ирип бүткөн мындай ыплас саясий оюнга өздөрү жүрөгүндө тумар туткан, Кыргыз элинин көөнөргүс ыйык Манасын аралаштырбаганы кеменгерлик болуптур. Аны колтугуна кысып келип, окуп берүүнүн кандай максаты бар эле? Оболу ошого суроо салыш керек. «Айтаар оюнду түшүнүп турабыз, Манасты элден жакшы эч ким билбейт » деген элдин максат -тилектери башка экенин билип турса да, Манасыбызды ыплас ишке аралаштырып, андан упай алгысы келгендерге, Манас атабыздын баркы белгилүү болуп калды. Кыргызстан өзүнүн 3 баалуулугуна кандай гана шарттар менен болбосун мыйзам чегинде күчтүү корголуп, аларды саясатка, карикатурага, эпсиз сынга кабыл алууга болбосун дегендей, жүрөгүндө ыйманын сактоого тийиш болчу. Алар кыргыз санжырасы -тарыхына, Манас жана Айтматов ааламына. Бул өткөндү баалоого болгон кийинки муун алдындагы өтө чоң үлгүбүз кала берсе сыйыбыз болмок. Тилекке каршы, болбогон саясий упай топтоо аракеттерден Ыйык Манасыбыз кимдир бирөөлөрдүн саясий афоризмине айланып калыптыр. Уят деп мына ушуну айтса болот. «Эмне мен киши эмес бекем?» дегендей, «Эмне Манасты айтса болбойт бекен?» десеңер, анда ыйманыңар өзүңөрдү болсун. Баалуулуктардын баркы ушинтип кетсе, баалуу болмокчу болгон бизде эмне калды дейсиңер? Кенекеев (Таластын губернатору) мырзаны саясатка Манасты алып чыгып аралаштырганы үчүн азырынча уяткарып койсок ашыкча болбойт. Дүйнөдө мындай аракеттер үчүн эки жикке бөлүнүп кеткен жагдайларды көрүп жатабыз. Анчалык болду, Манасыбызды жаттап алып айтса жарашмак. Саясат деп бар мыдырыбызды сапырып жатабыз, келечек алдында эмне деп жооп беребиз?

Ажо Атамбаев таластыктар боюнча мындай деген:

“Убагында Манас атабыз өлгөндөн кийин, Абыке, Көбөштөр башкарып калган кыргыздарды. Абыке Көбөштөр. Манас атабыздын өмүрлүк жары Каныкей апабыз качкан, кичинекей Семетей менен Бухарага качкан. Казыр да Абыке, Көбөштүн урпактары башын көтөрүп атат. Мен мурдагы күнү “Ютубдан” видеону көрүп алып, жаман болдум. Таластын губернатору Даир Кенекеев “Манасты” алып келип, Манас атанын сөзүн окуп берейин десе, ышкырып, бакырып окутпай койду жаш балдар. Артында, албетте, биз билебиз ким турат. Абыке, Көбөштүн урпактары элдин башын айлантты. Манас атабыздын сөзүн Таласта укпайт, уят. Таластыктар үчүн абдан уят. Менин сөзүмдү уктурбасын, Манас атанын сөзүн Таласта окуйм дегенде, эл Куран китебиндей уккандай болуш керек. Манас атабыз, өзгөчө Таласта, Таласты журт кылып,Таластын пирин чыгарып… Чингиз Айтматов айткан: “Саякбай Каралаев – азыркы кылымдын Гомери” деп. Саякбай Каралаевдин китебин, “Манас” дастанын окутпайбыз” деп ышкырып, бакырып, “Манас атанын сөзүн укпайбыз” деп ышкырып, бакырып, Абыке, Көбөштүн урпактары Таласта кылып жаткан кылыгын көрүп алып, мен абдан кайгырдым. Рахмат Даир Кенекеевге. Мен телефон чалып алып, айттым: “Эй, сен Манастын урпагы экенсиң”деп. Манастын урпактары Кыргызстанда көбөйөт. Таласта деле көбөйөт. Манастын урпактары көзүңөрдү ачкыла! Билесиңер, катуу жаракатты Чингизхандын урпактары Коңурбай алган. Анткени, Монголияда аларды “монгол” дейт, Россия менен Кыргызстанда “калмак” дейбиз. Калмак элине эч кандай каршылыгым жок. Бирок, бул тарых. Анан азыркы чингизиддерди ээрчиген, Таласта биздин саткын адамды, жаш жигитти ээрчип, Абыке, Көбөштүн урпактарын угуп, Манас атанын Таласта укпайм дегендери бул уят. Мени укпагыла, урматтуу таластыктар, Манас атанын сөзүн окуйм дегенде Кудай өзү кечирсин. Кыргыздар үчүн пайгамбардан кийинки эле ыйык адамыбыз — Манас. Биз Манастын урпактарыбыз! Абыке, Көбөштөрдүн урпактарына жол бербейбиз! Өзгөчө Таласта. Талас башкача бир жер. Бүт Кыргызстан сыймыктанат. Мына, Ала Тоо аянтында Манас атабызга, берки тарабында Чингиз Торокулович Айтматов турат. Ошондой эле балдары кыйын болсо, ачык айтайын, биринчи жолу айтып атам. Чингиз Торокулович Айтматовдун күмбөзү бүтпөй жатканда, ошол таластын балдары бир тыйын берген жок, бир тыйын. Мен акча таап, бүтүрүп бердим, Манас, Чингиз Торокуловдун күмбөзүнө. Айтпаган нерсени айттым. Театр болобу, башка нерсе болобу, эй! Шекерлик, Кара-Бууралык Айтматовго бир тыйын бербей, таластын балдары, ошолорду ээрчигендер бул Абыке, Көбөштүн урпактары. Абыке Көбөштүн урпактары. Манас атабыз болобу, башка бабаларыбыз болобу, жүз деген, миң деген бабаларыбыз канын берген Кыргызстан эгемендүүлүгү үчүн.

Мына, 2010-жылы канча жигитибиз өлдү, анын ичинде, 9 таластык жигит аянтта өлгөн. Бабановдор жашынып жүргөндө. Уят. Тарыхты унутпайлы. Тарыхты унутпайлы!”

 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.