Ксениянын карьерасы “Дом-2дан” башталып, Кремлден бүтөбү?

Ксениянын карьерасы “Дом-2дан” башталып, Кремлден бүтөбү?

Телерадионун алып баруучусу, журналист, актриса, коомдук ишмер Ксения Анатольевна Собчак 2018-жылдагы Орусиянын президенттик шайлоосуна аттанды. Аны кечээ, кечке маал жарыялады. “Владимир Путинге президенттик шайлоого катышарымды айттым. Ал менин мындай чечимимди туура кабыл алды, жактырды. Мен унчукпай койгум келген жок. Анткени, өмүр бою өз өлкөм Орусияда жашап, иштеп келатам. Андыктан менин өлкөмдүн эртеңки тагдыры мага баары бир эмес. Мен негизи бардык нерсеге олуттуу карайм. Өтө жоопкерчиликтүүмүн”,-деп мактанган Собчак.

Ксения Собчактын өмүр баянына кыскача токтоло кетсек, 35 жашта. 1981-жылы, 5-ноябрда Ленинградда төрөлгөн. Орусияда жашайт. Атасы Анатолий Александрович Собчак. Апасы Людмила Борисовна Нарусова. Күйөөсү актер Максим Эммануилович Виторган. 1916-жылы 18-ноябрда төрөлгөн Платон аттуу баласы бар.

Англис, француз, испан тилинде эркин сүйлөйт. МГИМОну ийгиликтүү аяктаган. Кесиби –политолог. Бирок, өз кесиби менен эмес, карьерасын “Дом-2дан” баштаган. Көптөгөн реалити-шоудо иштеген. Эми минтип президенттикке аттанганы турат. Ошондо Ксениянын карьерасы “Дом-2ден” башталып, Кремлден бүтөбү?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.