Текебаев №47, Чотонов № 27-абакка которулду

Текебаев №47, Чотонов № 27-абакка которулду

Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы маалымдады. Текебаев менен Чотонов УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 тергөө абагына 10-октябрда которулган. Алар он күн ичинде бардык медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин, башка абакка которула турганы боюнча Жаза аткаруу кызматы билдирген. Ошентип, бүгүн экөө эки жакка бөлүндү. Текебаев Бишкектеги №47ге, Чотонов Молдовановкадагы 27-абакка которулду.

Эскерте кетсек

Ушул жылдын февраль айынын аягында Өмүрбек Текебаев иш сапарынан келаткан жеринен аэропорттон кармалып, УКМКнын убактылуу жайына камалган. Текебаевге байланыштуу териштирүү ишин Биринчи Май сотунда сот Эрнис Айбек уулу карап, канча деген күбөлөрдүн (экс-президент Р.Отунбаева баш болуп күбө болгон) сөзүн угуп, аны эске албай, эч далили жок, “орусиялык жаран Маевскийден бир миллион доллар пара алган” деген айып тагып, үй-мүлкүн конфискациялап, 8 жылга эркинен ажыраткан. Мындай чечимди Текебаевдин адвокаттары четке кагып, “күбөлөрдүн, биздин кагаз жүзүндө далилдеп бергенибизди сот эске албай, бир беткей чечим чыгарды” деп, Шаардык сотко арыз менен кайрылышкан.

Ал эми шаардык сот өздөрү жок өкүм чыгарган

Териштирүү ишин шаардык сотто сот Адис Момуналиев карап, ал 2-октябрда, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Адис Момуналиев Текебаев менен Чотоновду катыштырбай туруп, алардын адвокаттары жок өкүм чыгарган.

Ага нааразы болгон Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова мындай деген:

“Бул өкүм мыйзам бузгандык, болгондо да, абдан орой, одоно мыйзам бузуу жолу менен өкүм чыгарылды. Бул жерде адам укугу бузулду. Анткени Конституцияда “адам укугу корголуш керек” деп жазылган, корголбой эле кордолду.Тилекке каршы, жарыш сөз болгон жок. Текебаев да, Чотонов да, алардын адвокаттары да жарыш сөз сүйлөгөн эмес. Бул жерде атандашуу принциби деген бузулду”.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.