5-кабаттан окуучу кыз секирип, каза болду

5-кабаттан окуучу кыз секирип, каза болду

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Алардын айтымында, жанкечтиликке барган (суицид) 8-класстын окуучусу 18-октябрда, болжол менен саат 23.30та 5-кабаттан секирген. Учурда тергөө иши жүрүүдө.

Жайыл районундагы социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Асылбек Баймонкоевдин айтымында, каза болгон окуучу кыз эжеси жана чоң апасы менен жашачу. Ал күнү чоң апасы үйүндө болгон эмес. 10-класстагы эжеси сиңдисин урушкан. Эмнеге азырынча белгисиз.

Ал эми Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Алакшүкүр Гасановдун айтымында, өз жанын кыйган өспүрүм кыздын ата-энеси ажырашып кеткен. “Апасы Түркияда, атасы Орусияда иштеп жүргөн. Атасы жакында эле кайталап турмуш курганы белгилүү болду. Эжеси менен сабактын айынан айтыша кетип, 5-кабаттан боюн таштаптыр»,- дейт Алакшүкүр Гасанов.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.