Брэд Питтин 21 жаштагы жаңы сүйүүсү

Брэд Питтин 21 жаштагы жаңы сүйүүсү

53 жашка чыккан Голливуд жылдызы Брэд Анжелина Джоли менен ажырашканы солоюп жалгыз жүрүп калган. Анан эле “Таттуу ачуу” деген сериалга чакырылып, ал тасмада өзүнөн 32 жаш күчүү Элла Пернелл менен ойноп калып, эми бош убактыларын экөө бирге өткөрүп, эгиз козулардай эле ээрчишип жүрүшөт экен. Анжелина болсо, мурунку күйөөсүнүн жаңы сүйүүсүнө ишенбей, көп маани бербептир. Билермандарга айла жок да, “Элла Джолиге окшош экен” деп чыгышты. Баса, Джоли менен ажырашканы Брэд депрессияга түшүп кеткени айтылган. Андан соң алкоголизм менен баңгизаттан дарыланып, жаңы жашоого кадам таштаганы киного тартыла баштаган. Эми минтип Эллага жолугуп олтурат. Экөөнүн сүйүүсү кандай болот, көрө жатарбыз. Элланын Инстаграмдагы баракчасын карасаңар болот: ella_purnell.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.