“Чачымды туура эмес тегиздедиң” деп чачтарачты өлтүрүп койгон

“Чачымды туура эмес тегиздедиң” деп чачтарачты өлтүрүп койгон

 

Бул каргашалуу окуя Орусияда (Биринчи Май поселогунда (Жаңы Москвада) болгон. Орусия федерация кеңешинин мүчөсү, сенатор Антон Беляков видео коюлган камераны алып, көрүп, Фейсбукка жазып чыкпаса билинбей эле калмак экен.

Достон Адеханов Москвага акча табам деп барып, бир зөөкүрдүн колунан көз жумган.

Окуянын башталышы

А.Беляковдун айтымында, бул окуя бир жума мурун, 13-октябрында болгон. Москванын четинде жайгашкан Биринчи Май поселогунда (Жаңы Москва) зөөкүрдүн колунан каза болгон, бейкүнөө баланын аты-жөнү – Достон Адеханов. Улуту өзбек. 24 жашта. Өзбекстандын жараны. Достондун өлүмү тууралуу жакын бизнесмен досунан уккан. Эртеси, 14-октябрда, сенатор ал жерге барып, көчөдө коюлган байкоочу видеокамераны чечип алып, видеону карап чыгат. Андан өзбекстандык баланы өлтүрө сабап жаткан адамды көрүп туруп, өтүп бараткандардын эч кимиси “кой, ай” дегенге жарабаган адамдардын кайдыгерлигине кейиген.

“Ал жердеги чачтарач Достонду Даня дешчү экен. Ал Москванын четиндеги эң арзан чач тарачта иштеп, ар бир адамдан 200-250 рубль алчу экен. Мыкты чач тарач болсо да, аны кымбат баалуу чач тарачтар албай койгон. Ошон үчүн Даня гастарбайтер. Достондын кардары чачын тегиздегенге нааразы болуп, эртеси келип, кайра кырктырган. Анын жаңы варианты да ага жакпай калган. Анан ал аны сыртка сүйрөп чыгып, эрте камдап койгон темир менен үч жолу жүрөк тушка муштаган. Достон коргонгонго жетишпей калган. Жерге жыгылганда, кое берет. Тиги зөөкүр алысыраак барып, артын караган. Достондун кыймылдап жатканын көрүп, кайра кайрылып келип, жанын чыгарган. Ошол жерден өтүп бараткандар аны көргөн. Бирок, бирөөсү да арачалаган эмес”,-деп жазган Беляков.

Зөөкүр Павел

Бул зөөкүрдүн аты Павел. 26 жашта. Киров облусунун райондук борборунун жашоочусу. Мурда уурдоо боюнча эки жолу соттолгон адам. Ал Достон иштеген чач тарачтын жанындагы автосервисте иштечү. Чачын кырктырып барганда, чогуу иштеген балдары: “зэкке окшоштуруп кыркып коюптур” деп шылдыңдашкан. Анан ал жинденип келип, Достонду өлтүрүп койгон.

“Баласынын өлгөнүн апасы билген жок”

Достон Адеханов Ферганада төрөлүп, өскөн. “Бриллиант” салонунда көп жыл иштеген. Чогуу иштегендери жана кардарлары аны баалачу, “ак көңүл, эч кимге жамандыгы жок жакшы бала болчу” деп каза болгонун угуп кейишкен. Ал жерден ал Орусияга 2016-жылы кеткен экен.

Жакын тууганы Акмал Москвага барбай коюшун аябай сураныптыр. “Такыр эле болбой койду, “бул жерге караганда, ал жактан көбүрөөк акча табам” деп кетип калган. Ал жактан тапкан акчасына ата-энесинин үйүн ремонт кылмак. “Ремонт бүткөн соң, жаңы үй алам, үйлөнөм, балалуу болом” деген жакшы ниет менен өз жеринен бөтөн жерге узап кеткен эле. Жаңыдан гана ата-энесине акча сала баштаган. Апасы баласынын өлгөнүн билген жок, угузган жокпуз. Себеби, ал жакында эле инсульт болгон. Бирок, эне да, жүрөгү сезип, сурады. “Балаң катуу ооруп, реанимацияда экен” деп гана койдук,-деп оор үшкүргөн Акмал тууганы.

“Бир үйдүн жалгыз баласы болчу”

Ал эми жердеши Айбек Ахмедовдун айтымында, Достондун ата-энеси абдан кедей жашашат. Достон бир үйдүн жалгыз баласы болгон. “Ата-энесинин өлөк-жөлөк, үмүт арткан, көзгө басар жалгыз гана баласы болчу. Эми алар ансыз кантип жашашат, билбейм”,-деген Айбек Ахмедов.

Соцтүйүндөргүлөр катуу талкуулашты…

Достон Адехановдун сөөгү Өзбекстандын Фергана облусуна коюлду. Достондун өлүмү тууралуу Орусия жана Өзбекстандын социалдык түйүндөрүндө катуу талкууланды жана талкууланууда. Атүгүл, Достондун көмүлүшүнө жана ата-энесине жардам катары акча чогултуп, мыйзам чегинде өлтүргөн адам жоопко тартылып, кесилишин талап кылып, жазгандар да болду. “Буга Ташкент тарап реакция кылды. Ал эми Орусиядагы Өзбекстандын элчилиги эч нерсе болбогондой болуп койду” деп нааразы болгондор да болду. Эмнеси болсо да, бөөдө эле бирөөнүн баласын, жок жерден өлтүрүп койгон зөөкүр өз жазасын алаар деген үмүттөбүз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.