Дарыгерлер эркектерди бекер дарылашат

Дарыгерлер эркектерди бекер дарылашат

“Эркектердин саламаттыгынын жумалыгы” акциясы өтөрүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова билдирди. Анын билдирүүсүнө караганда, 23-октябрдан 1-ноябрга чейин уролог, андрологдор эркектерди акысыз текшерип, консультация берет.

Аталган акция Республикалык урология илимий борборунун базасында 09:00дон 15:00гө чейин өтөт. Буга чейин ушундай акциялар өткөн, анда эркектер көбү импотенциядан жабыркагандыгы аныкталган. Эркектердин тукумсуздугу кыйла өсүп, 40тан 60  жашка чейин эркектер заара кылуудан жабыркаганын дарыгерлер аныкташкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.