Атамбаевдин сөзүнө Бабанов жооп берди

Атамбаевдин сөзүнө Бабанов жооп берди

Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн башынан баштайлы. Алмазбек Атамбаев 18-октябрда, “Эне-Сай” кабыл алуу үйүндө өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты  студенттерине президенттик стипендияларды тапшырардын алдында, баягыдай эле: бирде күлүп, бирде ачууланып, аябай ар нерсени сүйлөгөнүн баарыбыз көрдүк, уктук.

Алмазбек АТАМБАЕВ: “Таластын балдары 1 тыйын берген жок”

Анда президенттик шайлоодо Бабановду колдогон таластыктарды Абыке, Көбөштүн тукумдары кылып, Бабановду шайтанга окшоштуруп, Ала Тоо аянтындагы Манас ата менен Чыңгыз Айматовдун эстеликтерине акча чыгаруу боюнча мындай деген:

Мына, Ала Тоо аянтында Манас атабызга, берки тарабында Чингиз Торокулович Айтматов турат. Ошондой эле балдары кыйын болсо, ачык айтайын, биринчи жолу айтып атам. Чингиз Торокулович Айтматовдун күмбөзү бүтпөй жатканда, ошол таластын балдары бир тыйын берген жок, бир тыйын. Мен акча таап, бүтүрүп бердим, Манас, Чингиз Торокуловичтин күмбөзүнө. Айтпаган нерсени айттым. Театр болобу, башка нерсе болобу, эй! Шекерлик, Кара-Бууралык Айтматовго бир тыйын бербей, таластын балдары, ошолорду ээрчигендер бул Абыке, Көбөштүн урпактары. Абыке Көбөштүн урпактары. Манас атабыз болобу, башка бабаларыбыз болобу, жүз деген, миң деген бабаларыбыз канын берген Кыргызстан эгемендүүлүгү үчүн.

Мына, 2010-жылы канча жигитибиз өлдү, анын ичинде, 9 таластык жигит аянтта өлгөн. Бабановдор жашынып жүргөндө. Уят. Тарыхты унутпайлы. Тарыхты унутпайлы!”

Өмүрбек БАБАНОВ: “Мен жардамымды жарыялап, мактанган эмесмин”

Ажонун мындай сөзүнө Өмүрбек Бабанов кыска, нуска мындай деп Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазып чыкты:

Элим көрүп турат. Мен жан дилимден гана жардам берип, аны эч качан жарыялап, мактанган эмесмин. Ушуну байкап, мени колдоп, азыр эскертип койгондорго ыраазымын!

Ажонун мындай сөзүнөн кийин, таластык жигиттер төмөнкү сүрөттөрдү Фейсбукка жарыялап, таластын балдары 1 тыйындан жогору акча чыгарганын, кылган ишин мактанып, жарыя кылбаганын жазып чыгышкан.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.