Бабанов Таласка барды. Эл андан эмнени талап кылды?

Бабанов Таласка барды. Эл андан эмнени талап кылды?

Бүгүн, 22-октябрда, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Таласка барып, эл менен жолугушту. Талас облусундагы төрт районду түрө кыдырып жүрөт. Баарына рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирүүдө. Кара-Буура, Манас райондорду бүтүп, учурда Бакай-Ата районундагы эл менен жолугушууда. Андан ары Талас районуна, Талас шаарынын эли менен жолугушат. Манастын күмбөзүнө барышып, куран окушуп, түлөө өткөрүшөт.

Бабановдун жанында депутат Кенжебек Бокоев, “Алиби” гезитинин ээси, коомдук ишмер, юрист Бабырбек Жээнбеков жана жергиликтүү аксакалдар бар. Алардын барган эле жеринде: “Алмазбек Атамбаевдин “Абыке, Көбөштүн тукумдары” деген сөзүнө эмне унчукпай койдуң? Ажо ал сөзү үчүн Талас элинен кечирим сурашы керек! Биз талап кылабыз! Сенин унчугушуңду да талап кылабыз! Анткени, биз сени сыйлап уурдалган добушка деле унчукпай койгонбуз. Утуп, каалаган адамын алып келгенден кийин унчукпай эле койбойбу. Кайра бизди кемсинтип, Абыке, Көбөштүн тукуму кылып койду. Биз ага эмне кылдык? Ажо жакшы сүйлөп койгонсуп, аны КТРдин «Ала Тоо 24үнөн» кайра-кайра берип жатат” деген маселе көтөрүшүптүр. “Элдин айтканы, көтөргөн маселеси туура. Ал сөзү үчүн биз Алмазбек Атамбаевди сотко беребиз. Биздин сот чечпесе, эл аралык сотко чейин барабыз!” деп Бабырбек Жээнбеков менен Кенжебек Бокоев Бабановго маселени кабыргасынан коюптур. Элдин талабына акыры Өмүрбек Бабанов көнүп, колдоптур.

Эрзат МЫРЗА

One thought on “Бабанов Таласка барды. Эл андан эмнени талап кылды?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.