Мавлян АСКАРБЕКОВ: “Таластык туугандар, намыска бек туралы!”

Мавлян АСКАРБЕКОВ: “Таластык туугандар, намыска бек туралы!”

Мавлян Аскарбеков “Эркин эл” саясий партиясынын лидери, “Жаңы муун” саясий кыймылынын мүчөсү, активист жаран катары белгилүү. Жогорку Кеңеште “Ар кыл маселелер” сааты болсо, Мавлян дагы так ошондой сырттагы ар кыл маселелерге активдүү катышып, ар кандай социалдык маселелер боюнча сааттарга катышып, акцияларды уюштуруп, бийликке сын айтып келет. Ошол сындын бири, өтө маанилүү маселе – “Дача-СУда” кулап, адам өмүрүн алган учак. Учактагы кандуу жүктүн кимге таандык экенин билгиси келгени үчүн аны “бийликти басып алууга чакырык таштаган” деген айып менен УКМКда эки ай суралып жүрдү. Ал сурак сотко ашып, азыр Бишкектеги Ленин райондук сотто суралууда. Эмки соттук отурум 26-октябрда уланат. Ошонун алдында Мавлян менен маектештик.

— Мавлян, өзүңдүн туюмуңда, сот оңго чечилчүдөйбү?

— Азырынча эч нерсе деп айта албайм. Себеби, сот процесси жаңы башталып, эки отурум гана болуп өттү. Биринчи отурумда бир эле күбө суралды. Ал прокурор чакырган күбө болчу, ал сотто объективдүү сүйлөдү. “Дача-СУга” барып, эл менен өткөн жолугушууда сүйлөгөн сөзүмдө деструктивдүү сөздөр жок экенин айтты. Башка дагы күбөлөр келбей жатат. Ошондон улам өткөн отурумдагы сот жылды. Келбей жаткан күбөлөрдү сот “мажбурлап алып келүү” чечимин чыгарды.

— Алар кимдер: сен тараптанбы же прокурорлор жактанбы?

— Алар менин үстүмдөн арыз жазган адамдар. Бирөөсү — Сокулуктун айыл өкмөтү Улан Саданбеков. Экинчиси – түшүнүксүз бир аял. Аны мен УКМКнын тыңчысы окшойт деп ойлоп жатам. Себеби, ал Дача-СУнун тургуну эмес. Бул маселеге эч тиешеси жок адам. Бул аял менин жолугушууларыма катышып, ал жерде сүйлөгөн сөзүмдү жашыруун жазып алыптыр. Анан ошонун негизинде менин үстүмдөн арыз жазыптыр. Ушул эки адамдын арызынын негизинде мага иш козгоп жатпайбы. Арыздарын жазарын жазып алып, эми сотко келбей жатышат. Өткөн сот отуруму ушулардын келбей калганынан улам, 26-октябрга, саат төрткө жылган.

— Сен сотко күбө катары кимдерди чакырасың?

— Мен сөзсүз Чүйдүн губернаторун жана анын орун басарларын, Чүй облусунун  генпрокурорун, орун басарларын, Сокулуктун акимин, орун басарларын чакырам. Жана дагы Дача-СУнун тургундарын күбө катары чакырам, буйруса.

— Сага да сотто сөз берилет да. Эмнени айтасың?

— Менин бул жерде айтайын дегеним, Дача-СУ маселеси. Мен ал жерде туура эле маселе көтөргөм. Дача-СУ маселеси абдан көйгөйлүү, маанилүү маселе, бийликтин талылуу маселеси. Мен буга чейин талап коюп келгем жана кое берем.

Бул кырсыкка баарыбыздын кабыргабыз кайышты, кайышып жатат. Элден айланса болот, жабыр тарткандарга жаны ачып, эл акча чогултту. Ошол эл чогулткан акчаны да бийлик нормалдуу берген жок. “Ошол чогулган акчаны ачык-айкын көрсөткүлө. Ким канча берди, ким канча алды? Аты-жөнү, дарегин жазып чыгаргыла. Эл көрсүн. Чындап эле жабыркагандар алдыбы же ортодон айыл өкмөттөрү же аким, же бийликтегилер жеп кеттиби?” деген талапты койгонбуз. Бул биринчи талап. Экинчи талап – учак компаниясынын камсыздандыруу компенсациясынан ким канча алган? Түркиядагы юристтер менен сүйлөшкөндө, алар мага айтышкан. “Кыргызстанга кулаган учак Түркияда да, Кыргызстанда да биринчи жолу болгон кырсык. Ошол учурдагы кырсык маселеси кандай чечилсе,  канча компенсация төлөнсө, кийин да ошондой иш жүрүп, эл аралык тажрыйбада колдонот” деп. Кудай сактасын, экинчи кайталанбай эле койсун, бирок, кырсыкка ишениш жок, болуп кала турган болсо, биринчи болгон кырсыктагы компенсация боюнча калат. Мен ушуну биздин бийликке түшүндүрсөм, түшүнбөй жатат. Эл аралык тажрыйбада юриспруденцияда “прецеденция” деп коет, “прецедент” болду да. Эми ушуну бийликке, элге жеткирип жатканым ушул. Элдин укугу да, келечектеги укугу да ушул болчу. Мисалы, Орусияда бир нече жыл мурун, башка мамлекетке учак кулап, аларга 30 млн рублден төлөп берген. Ошол түптөлгөн боюнча калган, андан аз төлөнбөйт, көп төлөнсө төлөнөт, кемибейт. Бийлик укпай, оңго чечпей жаткандан улам, менде жаман ой пайда болуп, “акча ээсине берилбей калган, ортодо желип калган” деген күмөн жаралып жатат. Бул өтө маанилүү, бүтпөгөн маселени көтөрө калам деп 2 ай УКМКда, эми болсо сотто сүйрөлүп жүрөм.

— Дача-СУ жана башка маселелерди көтөрүп, айта калам деп Ө.Текебаев камакта калбадыбы. Бул маселе сүйрөлүп келип, акырында элдин да, бийликтин да көңүлү президенттик шайлоого бурулуп кетти. Кааласак, каалабасак да, Жээнбеков өттү. Сен шайлоого бардыңбы? Кимди шайладың?

— Жок, шайлоого барган жокмун. Анткени мен башынан эле бул президенттик шайлоонун тазалыгына ишенген эмесмин. Так ошол мен ойлогондой эле болду. Элдин баары эле көрдү, ал кандай “тазалыкта” өттү. Бийлик башына, өзүнүн ордуна Атамбаев өзү айткандай, социалдык сурамжылоодо 3 пайыз алган адамын алып келди. Анан эмне дейбиз, сөз жок да.

— Жээнбеков Таластан эң аз добуш алды. Аны колдобогондору үчүн таластыктарды ажо жакында эле айтып, урушуп, “Көбөш, Абыкенин тукумдары”,- деди. Талас эли ажонун бул сөзү үчүн “таластыктардан кечирим сурасын” деген талап коюшууда. А сен ажонун сөзүн кандай кабыл алдың?

— Эми Атамбаев мындай сөздөрдү биринчи жолу сүйлөп жаткан жок да. Андыктан ага таарынып деле кереги жок. Бирок, мамлекет башчысы болуп туруп, өз элин жерге бөлүп-жарып, катуу сөз айтканы туура эмес. Себеби, ар бир адам шайлоодо кимге добуш берсе, ал өзүнүн каалоосу, тандоосу жана укугу. Ошон үчүн таластыктар укугун коргоп алуу үчүн талап коюп жатканы туура, колдойм. “Эми айта берет да, айтып коюптур” деп кол жайып отурбашыбыз керек. Айткан сөзүнө жооп бериши абзел! Ошондуктан таластык туугандарга кайрылат элем, “намыска бек туруу керек!” деп.

Маектешкен Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.