Памирден келген келин көз жарып, абалы жакшы

Памирден келген келин көз жарып, абалы жакшы

Жакында эле (13-октябрда) Чоң жана Кичи Памирден 33 кыргыз Кыргызстанга көчүрүлүп келип, алар Нарын шаарына жайгаштырылган. Алардын ичинде кош бойлуу келиндер да бар болчу. Анын бири — Жанбүбү Маматзайым кызы. Ал кечээ, 21-октябрда, аман-эсен көз жарып, уулдуу болду. Эне-бала Жал кичирайонундагы “Эне жана баланы коргоо улуттук” борборунда. Аталган борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаевдин айтымында, эне-баланын абалы жакшы, туруктуу. Ымыркай кайра жандандыруу бөлүмүндөгү дарыгерлердин көзөмөлүндө. Мындай жакшы кабарды угары менен кечээ вице-премьер Чолпон Султанбекова ал жерге барып, Жанбүбүнү Маматзайым кызынын абалын сурап, куттуктап кеткен.

Биз дагы «Алакан «сайтынын эмгек жамааты куттуктайбыз! Жанбүбү айым, бешик бооңор бек болсун! 

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.