Роберт Паттинсон сүйгөнү менен ажырашты

Роберт Паттинсон сүйгөнү менен ажырашты

«Сумерки» кинодон көргөндөн кийин, «Красавчик» деп аны сыртынан сүйүп «соолуп» калган кыздардын сүйүктүү америкалык атактуу актеру Роберт Паттинсондун башы бошоду. Ал кайрадан бой жүрүп калды. Сүйгөнү, ырчы Талия Барнеттен кол үздү. Талиянын колун жакында эле сурап, ага нике шакек салган эле. Экөө граждандык никеде жашап жүрүп, эми аны мыйзамдаштырып, сүйүүсүн бекемдейт деп турганда, ал  ажырашып кеткенин жарыялады.

Роберт тасмадан тасмага тартылып, Талия жаңы альбом даярдап, чыгармачыл адамдардын көрүшпөй калганына эки ай болгон. Эки айдын ичинде мамилелери салкындай түшүптүр. Роберттин досторунун айтканына караганда, экөөнүн ажырашканына ырчы Кэти Перри себеп болгон. Ал аны менен акыркы күндөрү бат-бат жолугуп калган. Бирок, мындай сөздү артист четке кагып, ушак деп, ортосунда сүйүү жок, болгону жакшы достордон экенин айткан.

Учурда үчөө кызуу талкууланууда. Бири: «Кэтиге үйлөнөт» десе, экинчиси: «Талияга эле үйлөнөт, аны сүйөт» дешүүдө. Себеби, Талия экөө 2014-жылдан бери жакшы мамиледе келип, катуу сүйүшкөндөрүнө 7 ай гана болгон экен.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.