Секс-куурчак бир саатка — 80 евро

Секс-куурчак бир саатка — 80 евро

Бул тууралуу Daily Mirror басмаканасы билдирди. Алардын айтымында, Германиянын жашоочусу Эвелин Шварц (Evelyn Schwarz) Дортмунд шаарындагы Bordoll мекемесине келген кардарларга арналган секс-куурчак ижарасын ачкан. Ал чачынын түспөлү, төшү, бою ар кандай размердеги 11 куурчакты бир саатка ижарага берет. Ар бир кардар боюна жараша тандап алат. Бир сааттык баасы -80 евро.

Эвелин Шварцтын айтымында, кардарлары ар кандай: бекерчиден байларга чейин келет. Бекерчилер кызыгып, куурчакты көрүү үчүн келсе, көпчүлүк байлар аялы менен келип, машинасына аны күттүрүп коюп, куурчак менен көңүл ачат. Туруктуу кардар таап алган. Түнү менен куурчакты алып кеткен 12 адамы бар. Эң популярдуу куурчагы керектөөдөн чыгып калып, жаңыга алмаштырган. Шварц куурчактарды Түштүк-Чыгыш Азиядан заказ менен алат, ар бирин эки миң евродон сатып алган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.