Ырчы Сати Казанова Стефано Тиоццого турмушка чыкты

Ырчы Сати Казанова Стефано Тиоццого турмушка чыкты

“Фабрика” тобунан чыгып кеткен белгилүү ырчы Сати Казанова 35 жашында италиялык фотограф Стефано Тиоццого турмушка чыкты. Италияга келин болду. Экөөнүн чоң тою ноябрда Москвада өтөт.

Сати мусулман, Стефано католик. “Эки башка динде, ишенимде жүргөн жаштардын никеси кандай кыйылды экен?” деген суроо туулуп, калың калкты кызыктырды.

Баш кошуу кыздын жеринде башталды

Сати менен Стефанонун үйлөнүү-үлпөтү ырчынын туулуп-өскөн жеринде Кабардино-Балкариде башталды. Сүйгөнүнүн салтына баш ийген Стефано черкестин улуттук кийимин кийип, келинчеги менен эл алдына чыкты. Салт боюнча чимирилип бийлеп да беришти. Ырчынын ата-энеси эки жашка батасын берди. Ушундай үлпөт октябрдын аягында Италияда, Стефанонун үй-бүлөсүндө, католиктердин салты менен өтөт. Бирок, экөө эки башка ишенимде, өздөрүнүн дининде эле кала беришерин жарыялашты. Ноябрь айында досторунун тегерегинде чоң тойду Москвадан өткөрүүнү пландашууда. Башында Москвада жашап, кийинчерээк Тиоццонун туулуп-өскөн жери Туринге көчүп барышары белгилүү болду. Экөө азырынча англис тилинде сүйлөшүүдө. Сати италия, Стефано орус тилин үйрөнүүдө.

Тойдон таанышкан эки жаш

Экөө 2016-жылы Германияда өткөн жаштардын тоюнда таанышкан. Сати ал жакка Стефанонун бир тууганынын келинчегинин курбусу болуп барган. Сати келиндин курбусу да болуп, ырдап да көңүл борборунда,  элдин чордонунда болгон. Көптөгөн сүйүү ырларды ырдап, Стефанонун жүрөгүнө чок салган. Экөө дос катары мамиледе жүрүп, ал акыры чоң сүйүүгө айланган. Бир жылдан кийин Стефано Сатинин колун сураган.

Стефано + Сати

Тиоццо Стефано – италиялык фотограф. Ал азыр ата-энеси менен Италияда, Туринде жашайт. Жашы, үй-бүлөсү боюнча эч нерсесин, эч ким жакшы билбейт. 21 жашынан бери сүрөт тартып, атасынын жолун жолдоп келатканы, мыкты фотограф экени менен гана белгилүү.

Ал эми Казанова Сати Сетгалиевна 1982-жылы 2-октябрда Жогорку Куркужин Кабардино-Балкариде төрөлгөн. Үйдүн улуусу, үч сиңдиси бар: Света, Марьяна, Мадина. Алар азырынча турмуш кура элек.

Сати болсо азыр денсоолугуна байланыштуу турмуш жашоосун өзгөрткөн: эттин ордуна жашылча-жемиш жеп, шараптын ордуна сок, индия чайын ичип дегендей.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.