Жанбүбү МАМАТЗАЙЫМ кызы: “Уулумдун аты — Алмазбек, күйөөмдүн аты  — Күйөө…”

Жанбүбү МАМАТЗАЙЫМ кызы: “Уулумдун аты — Алмазбек, күйөөмдүн аты  — Күйөө…”

Жанбүбү Маматзайым толгоосу оор, анемия болгондуктан, аны санавиация менен Нарындан Бишкектеги Улуттук Эне жана баланы коргоо борборуна (20-октябрда) алып келишкен. Ал 21-октябрда, таңкы саат 06:25де (ай-күнүнө жетпей) аман-эсен көз жарып, уулдуу болгон. Бүгүн баласына Алмазбек деген ат ыйгарылды. Жанбүбү айымга барып көрүп, азыноолак маек курдук.

— Уулуңардын, өзүңөрдүн акыбалыңар кандай? Эмизип жатасыңарбы?

— Жакшы. Уулумду дарыгерлер карап жатат. Нарындан толготуп, бул жерге келип төрөдүм. Жакшы карап жатышат. Биз Памирден келгенден бери эле дарыгерлер карап жатат. “Балаң кичинекей” деп бул жакка жиберишти. Баламды эмизерде алып келип беришет. Таң заардан бери эки эмиздим.

— Балаңардын атын өзүңөр койдуңарбы же вице-спикер Чолпон айым койдубу?

— Күйөөм экөөбүз өзүбүз койдук. Президент Алмазбек Атамбаевдин кезинде Кыргызстанга Памирден көчүп келдик да. Президентке, Чолпон эжеге рахмат.

— Күйөөңөрдүн аты-жөнү ким, канчада, сизден канча жаш улуу. Өзүңүз канчадасыз?

— Өзүм 38 жаштамын. Күйөөм 43 жашта. Күйөөмдүн атын айта албайм. Бизде айтууга болбойт. “Күйөөм” деп айтабыз же “Балдардын атасы” деп чакырабыз. Ал азыр Нарында балдарым менен калды. Балдарым кичинекей да, алар ээрчип, ыйлап калган. Үчөө атасынын жанында, азыркым төртүнчүм. Негизи мен онду төрөгөм, алтоосу чарчап калган. Алардын ар биринин жылына чейин билем.

  1. 2002-жылы кыз төрөгөм. 8 айында чарчап калган.
  2. 2003-жылы да төрөп, ал 6 айдан кийин чарчап калган.
  3. 2004-жылы да төрөдүм. Ал бир күн эле жашады.
  4. 2005-жылы төрөп, ал 3 айдан кийин чарчап калды.
  5. 2006-жылы дагы төрөдүм, ал дагы 3 ай гана жашады.
  6. 2008-жылы кыз төрөдүм, ал 10 жашта, азыр атасынын жанында.
  7. 2011-жылы эркек төрөдүм, ал 8 жашта.
  8. 2013-жылы эркек төрөдүм, 4 жашта.
  9. 2015-жылы да төрөгөм, бир жашында чарчап калган.
  10. 2017-жылы эркек төрөдүм, азыркы Алмазбек. Жакшы, жеңил, ушунда төрөдүм.

— Биринчи жолу төрөтканада төрөп жатасыз да. Укол, дарылардан реакция жүрүп кеткен жокпу? Уколдон корккон жоксузбу?

— Жок. Баары жакшы экен. Жакшы карап жатышат. Бизде Памирде больница жок да. Тоодо, тоонун арасында мал багып эле жүрө берчүбүз. Төрөгөндө үйдө эле төрөчүбүз. Аялдар бири-бирибизди үйдөн эле төрөтө берчүбүз. Бу жерде аябай жакшы экен. Келгенден бери менин денсоолугумду аябай жакшы карашууда. Бардык органдарымды текшеришип, дарылап жатышат. Ыраазымын. Рахмат. Сиздерге окшогон журналисттер келүүдө, сиздерге да ырахмат.

— Канча бир туугансыз? Бир туугандарыңыз да Кыргызстанга келдиби?

— Төрт бир тууганмын. Алар Кичи Памирде калышты, биз Улуу Памирден келдик да. Эми бир туугандарым келсе, жакшы болмок. Бул жак жакшы экен. Аябай жакты. Ата-энем болсо жок, каза болуп калышкан. Бир туугандарым менин төрөгөнүмдү угушту, күйөөм айтыптыр. Ага чейин эле алар телевизордон көрүп алышыптыр. Мени телевизордон көрсөтүптүр да.

-Үй-бүлөңөр менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатасызбы?

-Жок, менде телефон (мүмкүнчүлүк болгондо телефон алып берип кетмек экенбиз деп кейип кеттик. Кайра-кайра барып жаткан вице-премьер-министр Чолпон айым алып берип коер – авт.) жок. Күйөөмдө бар.

— Бул жактын абасы, суусу, тамак-ашына бат эле көндүңөрбү?

— Ооба, абасы, суусу, тамак-ашы жакшы экен. Баары жакшы экен. Бизди жакшы тосуп алышты. Келгенден бери бул жактагы туугандар сурап жатышат, сурап жатышат. Аябай жакшы адамдар экен. Биз бири-бирибизге окшош экенбиз. Тилибиз да окшош. Мен сиздерди өзүмдүн эжем, сиңдиме окшоштуруп жатам. Дагы бир жолу баарыңыздарга рахмат айтам.

Жанбүбү айымдан чыгып, дарыгерлерден эне-баланын акыбалын сурасак, саламаттыгы жакшы экендигин айтышты. Ымыркайдын салмагы 2,4 кг. Ал ай-күнүнө жетпей төрөлгөндүктөн, алгач жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Эскерте кетсек, 11-октябрда Кыргызстанга Кичи жана Улуу Памирден 33 кыргыз келип, Нарын облусуна жайгаштырылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.